КЕРЕК ЭМЕС


Керек эмес мага ат башындай алтындын,
Жан дүйнөсү ыр дүйнөгө жакырдын.
Бриллиант акак деген кооз ,таштар.
Кызыктырбайт Поэзия акынын.


Ичи толо эмерекке жыйылган,
Керек эмес заңгыраган чоң тамдын.
Калемимден чыккан жакшы ырларым,
Кубат берет болсо болоор ашыгым.


Керек эмес көрө албастын көздөрү,
Жан дүйнөнү үшүтүшкөн сөздөрү.
Керек эмес байлык менен бийликке,
Жанталашып жан далбастап жеткеним.


Кимдин ою кандай экенин билбеймин,
Суранаарым мага экинчи тийбегин.
Ырлар менен жашап өзүм жүрөмүн,
Жаман жолго башымды эч ийбеймин.


Кеч кирсе да аркасынан таң атаар ,
Күн бүркөлсө кайра эле ачылаар.
Кимге керек айткылачы досторум,
Ыр дүйнөдөн эртең эле жок болуум.


Менин жашоом кызыкканга айтаарым,
Мага экинчи эч жамандык сунбагын.
Ырлар менен балдарым да чогуу өсүп,
Келет сыйлап сүйгөн жарым ардагым.


Ооба ырларда сезим нуру чачылат,
Эң бир кооз көркөмдүгү ачылат.
Кимди сүйүп кимди күйүп жазганым,
Ар бир адам өз укугу деп айта алат.


Мейли жазгын күндөп түндөп бузгула,
Ортобузга жаман сөздөн кускула .
Баарысы бир бөлө албайсың сезгиле,
Ыр дүйнөнүн мыйзамына өткүлө.


Суранамын парда артына келбегиле,
Суук сөздөн эч качан тербегиле.
Ойлогула канча адамдын көңүлүн,
Оорутамын бир көк мээнин сөзү үчүн.


Керек эмес мага боор тартыштын,
Кайра ошону ок кылып атыштын.
Керек эмес териштирип ырларды,
Күнөө коюп күйпөлөктөп качыштын.


23.11.2018ж.Кайыр Жолдошбековна.
Kair Joldoshbekovna. www.kafiye.net