Бир тамчы


Жар боорунда күн нуруна чагылып,
Бир тамчы таамып турчу тыным албай.
Ал тамган таштын үстү чиймеленип,
Керемет сүрөт түшкөн таң калгандай.


Талбаган ал тамчынын максаты эле,
Аркасында калтыруу өчпөгөн из.
Көргөндү тамшандырып ойлонтууга,
Ал тамчы тарткан экен сыйкыр эскиз.


Жалпак таш оюлгандан чөйчөк болуп,
Толгон суу аргасыздан ташып аккан.
Четтери тарам-тарам жикке тарап.
Сызылып мөлтүр суудан шуру таккан.


Акыры ал тамчы да соолуп бүттү,
Ааламда тыпылдаган үнү өчтү.
Жалпак таш сактап калды табышмакты,
Кылымга бир тамчынын изи өттү.


Көргөндөр таңданышып ал сүрөткө,
Ким тарткан? Кандай ойго бизди бурган?
А балким махабатка берген антты,
Сүйүгөнгө мөлтүр тамчы жаны курман.



Айнура Бекболотова
14.11.2020-ж.Москва ш.
Тамчынын сүрөтү интернеттен алынды.

www.kafiye.net