ЭГЕМЕНДҮҮ МЕКЕНИМ



Бейиштей мезгилдүү келбетиңден,

Жашыл төр кенге бай мекенимдин,

Отуз жылдык эгемендик майрамың,

Көрктөнүп туусу бийик көтөрулгөн.



Бүркүтүң бийиктикте тегеренген,

Булбулуң шакка конуп ырдап келген,

Ала тоом эгемендүү калк ичинде,

Тирелет асман тиреп кең керилген.




Чайыттай асман ачык чачып нурун,

Агарган таң жайнатып берет кутун.

Элимдин пейли кенен ынтымакта,

Тосушат жакшы тилекте эгеменин.




Хан турса элге арнап болгон күчүн,

Элим турса суйунушуп түгөл, бүтүн.

Сакалдуу карылардын батасынан,

Жаштарыбыз алгалап өсүп, өнсүн .




СООДАНБЕКОВА ЛИРА

www.kafiye.net