Дүйнөнүн куту апакем.



Бапестеп багып балдарын,

Бактыга бөлөп, ардайым.

Терметип бешик күнү түн,

Балам деп арнап ыр сабын.



Эркелейм бассаң төшүңө,

Энчимден сураймын күнүгө.

Эркиңе койбой эрмектеп.

Түйшүктү салдым өзүңө.



Береке толгон бак шагың,

Бактыга жаккан от шамын.

Куту экен апам дүйнөнүн,

Тартуулап бейиш даамын.



И.Акпарова.
www.kafiye.net