şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Сүрүп салып бүт түйшүктү, көйгөйдү,
Сүрүп салып бүт түйшүктү, көйгөйдү,
Келип турат бүгүн сени издегим.
Тынчтык бербей көкүрөккө бир туйгу,
Эске салды өткөн күндүн издерин.
Анда дагы азыркыдай март эле,
Бир жумалап жамгыр төгүп басылбай.
Эки күндө бир жолугуу шарт эле,
Ак жамгырга карабастан шашылмай.
Кол чатырда кол жылытып корголоп,
Алыстабай ыкталабыз кучактап.
Чатыр суусу моюн ылдый шорголоп,
Кызга окшош жаз күнүндөй бышактап.
Бүгүн ошол таттуу күнгө кайрылып,
Кыял менен учуп алыс жөнөдүм.
Балким сен да март айында эсиңе,
Алдың бекен, жашы кичүү бөбөгүм.
Кундузбү Маматова
Куку
Март, 2022.
Yorum Yapın