şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
ЖАЗГЫ НӨШӨР
Тынбай жаады жамгыр нөшөрлөп,
Уктабастан менда отурам өжөрлөп.
Таңды күтөм канча ойлор курчаган,
Асманымда ачпай кабак көшөргөн.
Канча акын калем кармап ыр жазып,
Алар дагы жамгыр менен сырдашып,
Назик,жумшак, таза аруу тилегин,
Ырга салып отургандыр ырдашып.
Ичиркене сыртты көздөй баш бакпай,
Тиктейм улам терезеден жөн жатпай.
Жазым келди ак жамгырын төккүлөп,
Тып,тып этип эшик чертип уктатпай.
Кыял бийлейт серпип кашты каккыча,
Жөн жаткырбай жамгыр үнүн баскыча.
Ырга салам жамгыр менен жарышып,
Эркелешип жазгы таңым аткыча.
СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net
Yorum Yapın