şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Ак жамгыр төгүп майдалап,
Ак жамгыр төгүп
майдалап,
Жүзүмдү өтөт аймалап,
“Адашкан жамгыр” деп сени,
Ыйгарып койдум каймана -ат.
Эркимди бердим эзилбей,
Жазыгы барбы сезимде эй?
Алгандай болдуң түбүнөн,
Жамгырга чөккөн кезимде.
Табышып тамыр бир-бирин,
Табылдың туштан дилгирим.
Көлкүлдөп толгон кусаны,
Көздөрүң койду билдирип.
Түшүмө кирген
аяндай,
Түбөлүк сени баяндайм,
Өзүмдү бүтүн арнадым,
Болгонум баарын аянбай.
Үн салдым
анан келчи деп,
Үзүлүп түшпөс менчилеп.
Колумда турган иш болсо,
Алмакмын бүтүн энчилеп.
Ортодон дубал орногон,
Жазыбыз окшош бөлөк-күз.
Жакындап барып жандашып,
Жандырган жиптей бөлөкпүз.
Аярлуу карап мен десең,
Адаша жүрбө келбесем.
Айдыңын көлдүн аралап,
Аман жүр ,деги элде сен!
Yorum Yapın