Кыш шааниси



Кыш шааниси укмуш сонун карасаң,

Дарактары кардан шейшеп жамынган,

Жомоктогу асман турат мелтиреп,

Мөлтүр суусу тоңуп калган жалтырап.




Көрүнбөгөн аяз тосуп жолумдан,

Бетти сылап, мурдум чымчып тийишпе.

“Кырт – кырт” этип кычырата кар бассам,

Кыштын кейпи бир башкача бейиште.




Карга жатып, асманды мен тиктесем,

Кереметин ал мейкиндик бергендей.

Ак булуттар сүрөт тартып асманга,

Бул жомокто мен да капыс кезгендей.




Кыштын күнкү мемиреген теребел…

Конок сымал аз убакка келгендей.

Айланага көз чаптырып суктанам,

Кыш мезгили сыйкырдуу бир кербендей.




Айнура Бекболотова

Москва шаары19.02.2020 –
www.kafiye.net