Күч күйөө(45).


Алымбек, Күмүштү эки кызы менен үйүнө келип жашаганына каршы болсо да унчуга алган жок, биринчиден атасы жашайт деп чечип койду, экинчиден Толгонай менен Чолпонайдын кайсы үй бүлөдө жашаары чечиле элек болчу.

Өзү да эмне айла табаарын билбей жүрдү.

Эки күн өткөндөн кийин атасы телефон чалып кыздарды борборго алып келгиле, врач таап койдум деди.

Алымбек Бүбүайшага айтаары менен даярданып башташты. Үйдө Валя апа жалгыз калмай болду. Алымбек менен Кубат Илимбекти, Бурманы узатабыз деп ээрчип алды. Самолётко билет алалы деп кыздардын метиркесин алып барып Чолпонайды өзүнүн фамилиясына өткөзгүсү келип, өкүл атасы Ботолко чалып тез арада бүтүрүп берүүсүн суранды.

Алмаштырган метиркени алып келген өкүл апасы болгон окуяны уккан кулагына ишенбей; –

ээ коккуй ушул чынбы, мындай ишке кантип бардың, өмүр бою билбей калса кантет элең, – деп Күмүштү жемеледи.

Күмүштү ансыз да санаа ой жеп жүргөн, Тогонай менен Чолпонайды бербей, көрсөтпөй койсо, кантип чыдайм деп өзүн өзү азапка салып, ичинен сызып жүргөн… Ыйлап көзүнүн жашын көлдөткөндөн башка колунан эч нерсе келбейт экенин туюп ыйлап жатты…

Ай кызым ушуга кантип ишенип киргизип алдыңар, -деп кабагын түйдү Бермет.

Анда Валя апа, андай деле жаман адам көрүнбөйт,бир адашты да, эми кечирип бир үй бүлөдөй кыздарды чоңойтуп, дарыламак болушту, мен Күмүшкө ишенем жакшы адам деди.

Бермет апасын узатып жолго камынып калышты, самолёттун матору күркүрөй баштаганда Күмүштүн чоң кызы Алтынайдын өңү бузулуп куса баштады, аны көргөн борт инжинер жерге кабар берип, борбордогу аэропорттон конору менен тез жардам больницага алып кетти. Аны угуп эле Сабырбек ата телефон чалып ар кайсы больницадан сурап жатты, акыры таап, сүйлөшүп жакшы экен Күмүш жанында карап жатыптыр, эми тынч алгыла деди.

Маанайы суз болуп турган Бүбүайша эс ала түштү.

Барыбир бийиктик ооруган кыздарга таасирин тийгизет, эртең менин жумушума алып кел, – деди Жыпар жеңеси. Мейли жеңе, Илимбек менен Бурманы узатып коюп эле барам, – деди Бүбүайша.

Эркектер конок үйдө, аялдар ашканада түн жарымына чейин сүйлөшүп отурушту, чоң эжеси Салима, жанындагыларга көзүн кысып, – ээ Бурма Москвада жердин түбүндө поезд жүрөт аны метро дейт, уктуң беле, – деп сурады. Уккам эже дагы кремль , кызыл аянт, Лениндин мовзолейи бар, мага иниңиз Москва, Куба жөнүндө оку деп көп китеп алып келип берген, окуп чыккам анча – мынча түшүнүгүм бар, – деди Бурма. Ой тийишпегиле Бурмага аны аябай даярдаган, дагы Москвада үйрөтөт, баарыбыздын билимдүү болот булар, анткени чет өлкөгө СССР ди таанытат, Гаваннанын институтунда Москвадан барган күчтүү профессорлор сабак берет, демек Бурма күчтүү билим алып, мыкты балдар врачы болуп келет, – деп ишенем деди Жыпар. Кой анда эс алалы деди Майрамбүбү апа, балее болду куяң деген нерсе жабышып даалым тырышат, мен жатайын, – жакшы жаткыла деп уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Апам ооруп жүрөт, өзгөчө силерден келгенден бери өзүн таштап жиберди, – деди Алима.

Жеңе айтып берсеңиз Толгонайды дарылатканы келдиңиздер, апасы алып коём деген жокму дегенде араң турган Бүбүайша ыйлап жиберди, – да, – кантип берем ал менин кызым экөө тең менин кызым деп, кайра түзөп төртөө тең менин кызым, эми аларды бөлө албайбыз эч кимибиз, силерден да суранам, сеники – меники дебеңиздер, атам ошентип чечкен, ошондой болот, Күмүш да каршы эмес деди.

Эртеси бүт үй бүлө мүчөлөрү Бурма, Илимбек менен коштошуп, ак жол каалап узатышты. Бүбүайша эки кызды жетелеп больницага жөнөдү, Жыпар жеңесине барып, улам бир кабинетке кирип жатышты, акыры беш врач биригип, консилиум түзүп кеңешип, бир үйдөн үч кыз ооруса бүл ооруу тукум кууйт, ошондуктан терең изилдеш керек дап, – Москвага жибериребиз деп чечишти.

Жолдомону алып Күмүш менен Алтынай жаткан больницаны көздөй жөнөдү.

Бир топ абалы жакшы болуп калган Алтынайды көрүп көңүлү жай алды.

Доктурлар эмне деди, -шашыла Бүбүайша.

Жакшы болуп калды, бирок дарыгер эч нерсе айткан жок, анализдерди карап көрөм деп кетип калды, – деди Күмүш. Кичинекей колдору менен Алтынайды карап;- эже сиз ооруп калдыңызбы, качан үйгө келесиз, – деп сурап жаткан Толгонайды аяп; – кичинекейим сенин сезимтал жүрөгүңдөн, сени да ушундай тагдыр күтүп турат,- деп зээни кейиди Бүбүайша.

Мен Жыпар жеңемдин жумушуна бардым, ал борбордогу мен кыйынмын деген врачтарды чогултуп консилиум түзүп кыздарды Москвага барып кароодон өтсүн деп жолдомо берди. Үйгө чыгып келсеңер сүйлөшөбүз, – деди Бүбүайша.

Азыр сен кыздар менен үйгө кет, жуунуп – таранып, эс алып эртең келесиң, –

Мен бүгүн Алтынайды карап калайын, – деди Бүбүайша.

Мейли анда деп кийинип чыкты Күмүш.

Толгонай ;- апа сиз эмне каласызбы, – деп кыйылып жатып кетти Күмүш менен.

Үйгө келсе Алымбек Кубат, Чолпонай болуп шаар кыдырып кетиптир, Майрамбүбү апа болсо оорууга чыдабай онтоп, Сабырбек ата укалап отуруптур.

Аны көргөн Күмүш эмне ооруп жатасызбы, мен көрөйүн, деп кармап көрүп, сиз куяң ооруусу менен ооруйт экенсиз,- мен азыр деп колун жууп келип, акырындан сылап, анан кырсылдатып үзүп кирди.

Бир топтон кийин ушундай жеңилдеп калдым, үзгөн киши таппай жүргөм, колуң дарт көрбөсүн, – деп алкады Майрамбүбү апа.

Түнү менен уктабаган Майрамбүбү эки сааттай уктап туруп, куштай жеңил болуп калыптырмын, үзгөндү кимден үйрөнгөнсүң, – деп сурады.

Мени баккан тайежем үзмөчү болчу, колу талган кезде мага үйрөтчү, бойго жеткен кезде өзүм эле үзүп жүрдүм, – деп жооп берди Күмүш.

Автор Тоту. Арзыкулова.




Уландысы бар.



Totu Arzikulova
www.kafiye.net