КЕЧИКПЕЧИ МАХАБАТЫМ

Сезимдерге биз ойногон жашынмак,
Болду мага жүрөгүмө сыйыртмак.
Каректериң айтып турду жашырбай,
Үндөбөдүң? Неден корктуң? Табышмак.



Биз жаралсак бир болууга дүйнөдө,
Кечикпечи, махабатым өмүрдө.
Азыр кайрыл, азыр кайрыл, кол сунчу,
Көтөрө албайм жаштык өткөн куракта.



Келсең деле кайрылып кечирермин,
Кайгыңа тең ортоктош кетирермин.
Кайрып алгам күйүттөн канатымды,
Кайра бүтүп, аз-аздан жетилермин.



Келсең болду кайрылып жарым болуп,
Бак-таалайдан буйруган ээнчим болуп.
Алып кетчи бакытка ороп- чулгап,
“Эки жарым бир бүтүн” теңим болуп.



Автор; Нускат Манкушева.
www.kafiye.net