БАЛЕРИНА БИЙЧИ КЫЗГА


Музыканын коштоосунда,
Ийиктей имерилип.
Бутунун учу менен,
Жерден жеңил көтөрүлүп.
Сахнада чимирилип,
Көгүлтүр көл үстүндө.
Сүзүп жүргөн ак куу сымал,
Он эки мүчө төп келишкен.
Кыргыз кызы балерина,
Жымжырттыкты орнотуп.
Бүтүн залды арбап алган,



Баштар гана бурулуп.
А көздөр калбай ээрчийт,
Кай тарапка бийлеп барса.
Сахнага жан киргизип,
Жалгыз өзү бирде ак куу.
Бирде эне, бирде селки,
Кубулду миң өзгөрүп.
Жай ойногон музыка,
Акырындап барып өчтү.
Дүркүрөгөн кол чабуулар,
Дуулдап көпкө турду.



Дабышсыз жетип келип,
Сахнада таазим кылган.
Кыргыз кызы балерина.
Терин аарчып, жашын сүрүп,
Күйүккөн демин басат.
Керемет көз ирмемдер,
Үн, сөз жок күчтүү сезим.
Каректерден жалындар,
Чагылышат. Унутушат.
Кайгы, көйгөй жашоо токтойт,
Белгисиз, түшүнүксүз.



Сезимде байланышып,
Жалпы эл коё бербей.
Балерина бийчи кызга,
Арналган кол чабуулар,
Басылбай күчөп барат.



Нускат Манкушева.
www.kafiye.net