Учуру заманымдын



Учуру заманымдын иргеп талдайт,
Акыйкат белчесинен өзү арыйт.
Ирээнжип турганымда колдон алып,
Чынында мени аяган мезгил карыйт.

Келечек мен ишенген эртеңки күн,
Көп күчтү талап кылат өзгөртүү үчүн.
Чыйралып толгоо тартып турганымда,
Толгоомду тең бөлүшкөн мезгил өзү.

Чоң максатка баратам багыт алып,
Келечекке тапканым арнап алып.
Коротуп мен отуз жыл убактымды,
Үч күнчөлүк жолдомун түнөп калып.

Канатымды күүлөсөм бийик учам,
Мажүрүм талдай ийилип колду сунам.
Алыс эмес багынткан бийиктикти,
Көктө учуп айланган сезим туям.

Талбай келем толкундуу өмүр сүрүп,
Күч кубатта калбайын жээкке урунуп.
Көл сыяктуу көөдөнүм толуп турсун,
Тереңирээк жүрөктөн толкуп уруп.

Жашай берем, толкундуу өмүр сүрүп,
Күчүм барда тең салмак кармап алып.
Көл сыңары туптунук калсам экен,
Чайпалсам да төгүлбөй түз кармалып.



Нускат Манкушева.
www.kafiye.net