КӨЗДӨРҮҢ ӨЗГӨРДҮБҮ ДЕГИ КАНДАЙ



Көл жээгин сагынамын жете албай,

Кумдарын жылаңайлак кече албай.

Сагынсам түшкө кирип турчу элең,

Саамайым сылай жыттап көзүң арбай.





Мен дагы уйкусурап назданчумун,

Кадалган карегиңден карек албай.

Ак толкун жууп кетип издер калбай,

Бир үмүт араң күйөт кечки шамдай.

Шоокуму эсте калды ошол кечтин,

Эриндер шыбырашкан сөзүн таппай,

Убакыт учкан куштай өтөт экен,

Көздөрүң өзгөрдүбү, деги кандай?

Бир жүргөн күндөрүбүз таттуу балдай,




Тамшанып кала бердик татып албай.

Түшүмө кирсең мейли оо асылзат,

Бөксөртүп сагынычты аткан таңдай.

Түшүнө башка жандын кире көрбө,

Тынч турган дүйнөсүнө бүлүк салбай.




Кундузбү Маматова

20.07.2018.
www.kafiye.net