ӨТКӨН УБАК



Болсода тоскоолдуктар жол торогон,

Билгизбей кээ бирөөлөр ой толгогон.

Бут тосуп,далы артынан бычак уруп,

Артымдан жылан сымал сойлогон.




Ыргытса таш,тийсе башка унчукпадым,

Ыргыштап сөгүш айтпай унуткардым.

Дээңгелин көрүп туруп кээ адамдын,

Акылы ошол болсо кантем уяткарып.




Жыгылдым,жылмышып тайгаланып,

Кайгымды кабыргама байлап алып.

Ызалык жанга батып жанчып турса,

Күчтөнүп ,кубат алам кайраттанып.



Ыйлагам мен мезгил мурун өткөн убак,

Чачыма ак күмүш болуп түшүп бубак.

Азыр өзүм өжөрлөнүп өзгөрүлгөн,

Өткөндү эскеремин элес сымак.



СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net