КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ



Күүгүм талаш көз чаптырып көлүмө,
сырдашамын кыялымда өзүмчө,
Жээгиңде тынбай басам талыкпай,
жете албайм деп түпкүрүңдүн төрүнө.
Сен толкусаң мен сүйүнүп жээгиңде,

салкын желге турдум кээде өбүлө.




Толкунуңа бирде урулуп сүрүлүп,

ойлорумда кошо жүрдү түрүлүп.
Кумга келип жайкап артка тартылган,

Көбуктөрүң таш аралайт жүгүрүп.
Карап турам кереметиң тарткылайт,
күлүмсүрөп карап турам үңүлүп.




Тереңдигиң синиргендей сырларды,

күндөн жаркып чагылышың нурланды,
Калкып барат параход да устуңдө,
кереметиң сездиргенсийт жыргалды.
Жалтылдаган бетиндеги көрүнүш,

Сезим козгоп көөдөнүмө ырдалды.



Айланаңды тоолор курчап кооздолгон,
Ак кемелеп Женишбегиң боздогон,
Ак бугунун элесиндей тартылып,

ак бешиң термелгендей окшогон,
Касиетти арнап жалпы эл,журтка,
Жамандыкты оолактатып кошпогон.




Тартып барат көгүш тартып көркөмүң,

таттуу, кыял бийлеп алды өчпөгөн,
Түн керемет экөөбүзгө ортоктош,
Айлуу түндө турам сени тиктеген,
Сулуугуң суктандырат тарткылайт,
Кучакташып чабак ур деп мен менен.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА

www.kafiye.net