Бир сөзүң


Бүгүн мага баары тегиз, сүйүү улап,

Күн желеси -“жакын кел” -деп күлүп турат.

Дил тазарып, жүрөк толуп кубанычка,

Бир сөзүңдүн күчү менен – сүйкүм убак.




От болуп жанып турган карегиңден,

Булкунган сүйүү көрдүм жүрөгүңдөн.

-“Убакыт болду го”- деп бурулганда…

Ысык тарап, кармаган билегимден.




Айланам шаңдуу жарык, маанай бийик,

Күн жамалы төгүлөт, нурлуу тийип.

Бир сөзүңдүн күчү мага – бакыт мисал

Мен баратам, ааламга арзуу кийип…




Гүлдөр мага күлмүңдөйт башын ийип,

А булуттар шаар сымал сүрөт чийип,

Шамал мени күйүп кетпе деген өңдүү,

Ал ортодо желпигендей сылайт келип.




Бир сөзүң – бүт ааламга тете болду,

Биликтей үмүт эле, жеңди тоону.

Учууга умтулуучу мен улармын,

Учурдуң, тагып өзүң алтын боону.




Ашира Кулишева.

15-июнь. 2019-жыл.
www.kafiye.net