Күч күйөө(35)



Бүбүайша баарына төшөк салып, апа келиңиз сиз жата бериңиз отурган жерде уктап каласыз деп, апасын тургузуп, төшөнчүнүн четине отургузду.

Жатат элем балдар келбей жатпайбы, түн бир оокум болду, Кубат да уктап калды го эмиге чейин деп кобурады Майрамбүбү. Сиз жата бериңиз мен чыгып көчөнү карап келейин – деп чыгып кетти Бүбүайша.

Караңгыда эч нерсе көрүнбөйт, кошуна үйдүн жыгач отургучунда отурган Илимбек менен Бурма, Бүбүайшагы даана көрүштү.

Биз мындабаз дейин десе Кубат Илимбектин колунда уктап жатат. Акырын басып тапчанда отура турайын келип калышаар деп отурду Бүбүайша. Жүр эми үйгө кирели эжкем издеп жатат, апам да уктабай отурса керек – деп айтып алып уялып кетти Бурма. Илимбек тамашага салып, кайсы апаң, апа деп койчу деп шыбырап жатты. Жүр эми Кубат да уктап калды, үшүп калбасын жүрчү дегенде, бетимен бир жолу өпсөң барам деп деп турбай койду Илимбек. Айласы кеткен Бурма бетинен өөп жүр эми деп тургузду. Тапчандын жанына келип кыйшайып уктап калган Бүбүайшаны көрүп, акырын Кубатты жаткырып кел деп ымдады Бурма.

Экөөлөп Бүбүайшаны көтөрүп жатканда ойгонуп кетип, силер кайда жүрдүңөр, сыртка чыксам жоксуңар деди уйкусурап Бүбүайша,- биз тиги көчөнү кыдырып келдик, жеңе жатыңыз, чарчадыңыз деди Илимбек.

Бүбүайша үйгө кирип кетеери менен тапчанда кыналышып отуруп алып, көпкө кыялданып, уктап калышты. Эми таң сүрө баштаганда үйүнө келген Алымбек тапчанда жаткан эки кишини көрүп, мас немелер көчөдөн кирип жатып алганбы деп, бирөөсүн бутунан кармап жерге бир чапты эле, аа деп эле туруп келсе Илимбек.

Ой сен кайдан эмне тапчанда жатып – деп сураганча Бурма туруп чуркаган бойдон үйгө кирип кетет. Байке бул эмне кылганыңыз адегенде учурашып, анан көтөрүп чаппайысызбы деп ачууланды. Эч жериң ооруган жокпу, мен сырттан бирөө келип жатып алган экен деп, чаап салдым, кечирип кой деди Алымбек.

Кучактап туруп, – байке ооруса деле мейли апам билбесин, апам да келген, – деп тапчанга кайра жатып уктап калды Илимбек.

Үйгө акырын бутунун учу менен кирип бара жатканда жанатан сүйлөгөн үндөн ойгонгон Майрамбүбү чыгып келип, эмне болду күрү – күү болуп жатасыңар дегенде, – апа кандайсыңар, атам кандай күлүү күчтүү жүрөбү деп сурап, ашканага кирип сүйлөшүп отурушту.

Шаарда эмне жаңылык, байкемдер кандай жүрүшөт, – баары жакшы, Илимбекти кызматынан Кубага эки жылга жиберип жатат.

Үйлөп анан жиберели деп жатабыз атаң экөөбүз, өзү унчукпайт, эки- үч жолу айттык, өзүң билесиң дипломаттарды бойдок чыгарбайт.

Бүбүайшага да айттым сүйлөшүп көргүлө – деди апасы.

Автор Тоту. Арзыкулова.



Уландысы бар.

Totu Arzikulova
www.kafiye.net