ЖАМГЫР




Токтобой жамгыр улам жаап турган,

Чыйрыктырат көөнөктөп суудан улам.

А менде кусалык бар сагынычтуу,

Көзүмдөн тамчыланып ыйлап жууган.




Ак жамгырды негедир жакшы көрөм,

Келсе деп, жарашыктуу жаңы көктөм.

Эркелеп жаз күнүндөй жадыраган,

Жолуңду карай берип сени күткөм.




Көңүлдүн черин жазчы жамгыр менен,

Көкөлөтүп махабатым чексиз белең.

Келерсиң сен колуңа гүлдү кармап,

Өзүңмө сүйүүң арнап кылып белек.




Жамгырда мына келдим сени эскерип,

Жолумдан тосуп алган сен гүл берип.

Ашыктык азабын кимдер билбейт,

Азап чегип сүйүү үчүн өңдөн азып.




Ак жамгырда сүйүүм бар сезилбеген,

Эч жанга көрүнбөгөн, билинбеген .

Жаан менен эсилип жуурулушкан,

Ал менин гана ички туюм, оюм менен.





ЛИРА
www.kafiye.net