şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
КӨЗҮҢҮЗ АЙТЫП ТУРБАЙБЫ
КӨЗҮҢҮЗ АЙТЫП турбайбы,
Калп айтсам кудай урбайбы.
Сүйүүнү жагып билгизбей,
Жүрөктү сүйгөн уурдайбы.
Толгоону козгойт турбайбы,
Лирасы кайрып ырларды.
Жүрөктө толгон сезимди,
Ырыңыз айтып ырдады.
Түшсөда бырыш бетиме,
Жүрөкө түшпөйт көлөкө.
Кыялды серпкен сезимди,
Кыялбайт аттиң бөлөкө.
Уялап сүйүүң көрүнүп,
Жүзүмөн күлкүм төгүлүп.
Өткөндө жашым кантейин,
Арнадың сүйүүң өбүлүп.
Эргүүлөр келип жазылган,
Эзилип көңүлүм ачылган.
Лирикасы ырдын ушу деп,
Сезимди ачам катылган.
СООДАНБЕКОВА ЛИРА 19.10.2020.
www.kafiye.net
Yorum Yapın