КОЙБОГУЛА ЖОГОТУП



Кыйсыпырга аралашып тазалык,

Каапыр болуп ыпласка батабыз.

Эй адамдар койбогула жоготуп,

Келечекти өлтүрүп биз жатабыз.




Адилетсиз, ээн баш дедиртбей,

Бириккиле Кыргыз эли бүтүндөй.

Курал кылып ойнобогун жаштарды,

Кан агызып, киши өлтүрүп кирдетбей.




Ач көзүңү! ….эй адамзат баласы,

Боло электе ааламаттын жазасы.

Оодарылып жер титиреп калбасын,

Эсиңе кел! керек элдин жашашы.




ОЙГОН элим,Ойлон элим чындыкты,

Ойрон болуп кала электе тынчтыкты.

Опол тоодой жаза берсе Кудайым,

Мына ошондо баары өчөт ым,жымы.




БИРИККИЛЕ! улуу Кыргыз баласы,

Унутпагын элиңдин бар каадасы.

Чакыр элди ынтымака бекемдеп,

Кан ичкич болуп кала электе баарысы.




Тынчтык керек алакандай Мекенге,

Тынчтангыла ынтымака келгиле.

Ажонун да ,Бийлигиңда керек эмес ,

Жашоо керек бейкут болуп элиме.!!!





СООДАНБЕКОВА ЛИРА
10.10.2020.ж.
www.kafiye.net