НЕЬЕРЕМЕ





Акактай туптунук булагым,

Уучумду улачу билегим.

Урпагым теңебейм эч кимге,

Алтынга алмашкыс тирегим.




Элжиреп көргөндө жүрөгүм,

Каралдым эзилип жүрөмүн.

Көздөрүӊ балбылдап турганда,

Теңдеши жок беле дүйнөнүн.



Өзүңдү көргөндө буулугам,

Мээримге балкыймын жуурулам.

Суктанткан элиңди жериңди,

Сүймөнчүк инсан бол суурулган.



Берээрге белегим таппаймын,

Барчындай күн сайын таптаймын.

Балдырап таттуу кеп сүйлөсөң,

Байлыгым териме батпаймын.



Алымдуу, чындыкка жакын бол,

Адилет сүйлөгөн таасын бол.

Адамдык сапаттан тайбаган,

Ар-намыс кармаган асыл бол.
Ар-намыс кармаган асыл бол.



Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova

www.kafiye.net