Күч күйөө(34).




Жолдо келе жатып күзгүдөн арткы орундукта отурган Бүбүайшаны карап, бүгүн сонун күн болду ээ, Кубат балдар менен ойноп, сен Салкын эже менен сырдашып, Валя апам, тажеңем экөө өткөн – кеткенди сүйлөшүп, мен да тайкеме жардам берип – деп кубанды Алымбек.

Ооба сен жакшы кишисиң да, бизди көңүлүбүз көтөрүлсүн деп бир күндүк эс алуу күнүңдү бизге арнап – деп жылмайды Бүбүайша. Чынында бул акылды апасы Майрамбүбү айткан болчу, Бүбүайшанын көңүлүн чөгөрбө, ал байкуш жаралуу, бир күндө жакындарынан ажырап калган өксүк, тянганы эле тайке – тажеңеси, анан сен – биз, ошондуктан колдон келишинче көңүлүн көтөрүп жүр деген. Апасынын айткан акылына ыраазы болуп баратты Алымбек.

Бурулушка чоң суунун жээгине токточу -деди Валя апасы, ал жерде каралбай калган орустардын мүрзөсү бар эле.

Чөп өсүп басар жол көрүнбөйт, аралап бара жаткан Валя апаны колунан кармап бара жатты Алымбек.

Дөмпөйгөн дөбөлөргө сайылган крестиктер, кээ бирине аты жөнү жазылган.

Бир топ баргандан кийин Валя апа бул жерде атамдын, апамдын, эжемдин сөөгү жатат – деп чокунуп, бирдемелерди шыбырап, айтып кайра тартышты.

Машинага отуруп Валя апа бул жерге менин атам буудай анан картошка айдачы эле, азыркыдай эл көп эмес, суу жок, жаан болгон жылы жакшы түшүм алчу, кургакчылык болгон жылы суу жеткен жерден түшүм алып, калган жер саргайып күйүп кетчү эле деп эскерди. Азыркыдай трактор жок, соко тартчы элек, мына ата – энемди да эстеп алдым – деди Валя апа.

Күндөр өтүп Бүбүайша ай күнүнө жакындап араң басып калган, балдары да каникулга тарап көңүлү жай.

Сыртта Кубат экөө кобурашып турса, жолдун боюна токтогон автобустан Майрамбүбү, Илимбек, Бурма үчөө түшүп короого кирип келишти.

Апа кандайсыз, келебиз деп айтып койбойт белеңиздер, а силер эмне ээрчишип деп Илимбек менен Бурманы карады. Кагылайын десе биз сенден камтама болуп келе жатыбыз да – деп бетинен өптү Майрамбүбү, Кубат да чоң энем келди, чоң энем келди деп чуркап барды энесине, оо берекем чоңоюп жигит болуп калган тура, -деп кучактады Кубатты.

Жеңе аа биз тез жардамбыз да, сиңдиңиз сиз дегенде күнү – түнү окуп сессиясын тапшырып, а мен болсо бир айга эмгек өргүүсүн алдым, атамды болсо эки келинине тапшырдык – деп тамашалады Илимбек. Ушул сенин тамашаң деп күлүп, Бурманы бетинен өптү – Бүбүайша.

Апа үйгө кириңиздер, деп конок бөлмөгө баштады – Бүбүайша. Байкем жумушта го деп сурады Илимбек,

– ооба эки күнгө аскердик даярдык өткөрөм деп кетти, эртең келет – деди Бүбүайша. Үйдө жалгыз корккон жоксуңарбы, келчи баатыр күрөшүп көрөлү деп Кубатты так көтөрдү Илимбек.

Ашканага чыккан Бүбүайшанын артынан барган Бурманы карап, сени сагындым, окууң кандай деп сурады Бүбүайша.

Экинчи курста жеңил болду, ошондуктан сессияны эрте тапшырууга жетиштим.

Өзүңүз кандай, аябай сулуусуз да эже деп суктана карады Бурма.

Биз жакында эле колхозго барып келгенбиз, Салкын эже келген экен, аябай чер жаздык – деди Бүбүайша. Дасторкон жайып мага жардам бер, деп Бурманы жумшады да, Илимбек экөө куп жарашат деп жылмайды Бүбүайша.

Апа чайга караңыз, жолдон чарчадыңызбы,- дегенде, ай жок ай силерди көргөндө кайдагы чарчаган деп терин аарчыды Майрамбүбү.

Кечки тамакты ичип бүткөндөн кийин Бурма менен Илимбек сыртта басып келели деп Кубатты жетелеп чыгып кетишти, Майрамбүбү келчи мындай отурчу ден соолугуң жакшы экен тфу – тфу көз тийбесин, эми жеңилинен берип көз жарып алсаң экен балам деп колунан кармады.

Бул экөө күнүгө ушул кечки тамакты ичкенден кийин эле сейилдейбиз деп жөнөйт, атаң экөөбүз билмексен болуп отурабыз.

Быйыл үйлөнтүп коёлу десек Бурманын окуусу кантет деп ойлонуп отурабыз, өздөрү ооз ачпайт – деди Майрамбүбү.

Сүйлөшүп көрчү экөө менен тең, жеңе болуп эмне деер экен…

Автор Тоту. Арзыкулова.



Уландысы бар.



Totu Arzikulova
www.kafiye.net