Күч күйөө(33).




Сүйүнбек, ата – энесин, аялы Жыпарды алып районду көздөй жөнөп калды, жолдо келе жатып деги аман – эсен көз жарып алса экен Бүбүайша, тартпаган азапты тартты – деп аяп, турду Майрамбүбү.

Келип эле Болоттун үйүнө кирип барышты, муну күтпөгөн Бүбүайша, сиздерди убара кылган экен Алымбек деди. Убарасы барбы андан көрө Момун менен Перизатты, молдону алдыралы, азыр келип калат Алымбек деп айтты – Сабырбек ата.

Бүбүайша үйүнө келип

борсокко камыр жууруп, аңгыча тайкеси Момун менен тажеңеси келип мал союп, Алымбектин келишин күтүп калышты. Аэропорттон Алымбекти Болот өкүл атасы тосуп келип, үйгө жакындай бергенде үйдөн чуу чыгарып ыйлап калышты.

Мүрзөдө төрт жай казып даярдалып жаткан. Топурактарды кепинге узун кылып төгүп, молдо жаназа окуп, жайына коюп келишти.

Момун көзүнөн жаш чууруп Алымбекке ыраазычылык билдирди, эже – жездемдин , жээндеримдин сөөгү кишинин элинде калбай, өз жерине коюулду, өмүр бою ыраазымын, улуум жок деп өкүнбөй койсом болот, деп алкап жатты Алымбекти.

Баары үй – үйүнө тарап кетип, Алымбек менен Бүбүайша да өз жумуштары менен, тынч жашап калышты. Жаз келип Бүбүайша баскан турганы оор болуп, төрөрүнө жакын калса да классын таштап кете албай окуу жылынын аягына чейин иштей берейин деп чечти. Үч жашка чыгайын деп калган Кубат апасын аяп , апа сага оор көтөргөнгө болбойт, кел жардам берем деп чуркап жанында жүрөт. Менин жардамчым деп эркелетет Бубүайша. Эртең дем алыш күн болгондуктан Момун тайкемкинде барып келбейлиби,- деди Алымбек.

Эрте туруп колхозго баралы деп даярданып жатса Валя апа келип калды, ой силер каякка, мен жок болуп калдым, ата – энеңердин сөөгүн алып келип коюпсуңар, жаткан жери жайлуу болсун, кел куран окуп кой – деди Валя апа.

Таң калып турган Алымбекти, таң калба, динибиз башка болгону менен кудай бирөө эле окуй бер деди, оомийин – деп ар биринин аты аталып куран багышталды.

Эми силер кайда жөнөдүңөр- деп сурады Валя апа, тайкемкинде, колхозго, биз менен барып кебейсизби, жүрүңүз – деди Бүбүайша.

Ии Перизат мыкты аял мейли барып айран, сүт ичип келейин, деп баары чогу жөнөп калышты. Короого кирип барганда эле, кичинекей балдардын жүргөнүн көрүп, үйгө кыздардын бирөө келген экен – деп кубанып турду Бүбүайша. Эшикти ачып беш жылдан бери көрбөгөн тайкесинин улуу кызы Салкын чыкты.

Бүбүайша келгиле, кандайсыңар, бул күйөө бала го,- деди.

Ооба күйөө балаңыз Алымбек, коңшубуз Валя апа, уулум Кубат деп тааныштырды.

Салкын эже өзүңүз кандай, жездем жакшы жүрөбү- деп сурады Бүбүайша.

Баары жакшы жүрүшөт, алыска турмушка чыксаң ушу да, силерден жат болуп кеттим, менин уулдарым Бекен менен Аскер, келгиле учурашкыла балдарым -деп чакырды Салкын. Эки бала чуркап келип Алымбекке колун сунуп Бекен, Аскер – деп Кубатты карап калышты.

Жакшы жигиттер азаматсыңар, мен Алымбек жездеңер болом, бул менин уулум Кубат деди. Суу көтөрүп кирип келген Перизат, келгиле меймандар кандайсыңар, келиңиз Валя апа, жакшы жүрөсүзбү, ден соолугуңуз жакшыбы, эс алганы деп уктум эле келип калган экенсиз,- деп жаркылдады Перизат.

Ооба, эс алып келдим, колхозго барабыз жүр дегенде, балдар менен келип калдым – деп жооп берди Валя апа.

Сууга барчу кыздар жок өзүм суу ташып калдым – деп күлдү Перизат. Тажеңе келиңиз флягаларды бериңиз мен суу алып, Момун тайакеме учурашып келейин- деди Алымбек.

Ой чай ичип алып барсаң деле жетишесиң десе болбой, балдарды кошо машинага салып алып кетти Алымбек.

Жакшы күйөөң бар экен дели Салкын, качан төрөйсүң деп сурады кызыга, жайдын башына барып калам го – деп жооп берди Бүбүайша.

Татынакай келин болупсуң, эжемден калган жалгызым деди бетинен өөп – Салкын.

Кана чайга келгиле деп самоорду көтөрүп келген Перизат чайга чакырды.

Тамак бышып калган кезде Момун менен Алымбек, балдар менен кошо кирип келди, тамакка келгиле – деп баары дасторкон үстүндө бапырап отурушту.

Бүбүайша көңүлү көтөрүлүп, кудайга шүгүр тайкем, тажеңем жакшы адамдар, келер, кетеер жерим бар деп кубанып отурду.

Автор Тоту. Арзыкулова.




Уландысы бар.

Totu Arzikulova
www.kafiye.net