Күч күйөө(32).



Эки күндүн ичинде Болот Алымбектин чоңдору менен сүйлөшүп Москвага самолётко билет алып берип, эми молдого баргыла, шартын түшүндүрүп айтсын – деди.

Алымбек менен Бүбүайша молдого барып, кепиндик ак сулпту алып келдик дегенде, төрт чарчы кылып, төрттү айрып, мына буларды бир эле мүрзөгө кийими менен көмүп салган деп уккам.

Мүрзөнүн төрт бурчунан, төрт матага атын атап топурак алып кел – деп айтат.

Коштошуп чыгып кетишет, үйгө келип сен жалгыз коркосуң, өкүл апама айтайын Кубат экөөңөр алардыкында тура тургула, жеткизип коёюн – деди.

Мен ашып кетсе төрт күндө келип калам деп коштошту Алымбек.

Өзүн бир аз да болсо жакшы сезип калган Бүбүайша көңүлү көтөрүңкү жүрдү, анын үстүнө өкүл апасы жанда жок жапакеч киши.

Алымбек эрте мененки саат алтыда Москвага келип конду, Бутово Аскер Комиссариатына жолдомо менен келди деген чечим колунда болгондуктан, эч ким токтоткон жок, чыга беришете, ага сержант, ким Бутового деп улам сурап туруптур, мен деп жооп берди Алымбек.

Учурашып алып алып жөнөдү, келиңиз бул жерден шам -шум этип алалы, – деп кафетерийди көздөй жөнөдү. Менин командирим казак улутунан, мусулмандардын шартын аябай түшүндүрдү, сизди күтүп алат Бутоводон деди ага сержант.

Аэропорттун күрү- күсүнөн башы ооруп чыкты Алымбектин. Кафетерийден чыгып метрону көздөй бет алышты. Эки жолу алмашып Ярославль автовокзалына жетип, автобуска отурушту.

Самолётто уктай албай койгон Алымбек, отурары менен уйкуга кетти.

Бир топ жүргөндөн кийин командир түшөбүз деди ага сержант.

Көп өтпөй эле жашыл түстөгү аскердик машина келип токтоп, жапалдаш бойлуу, майор чининденги Казак жигит салематсыңбы бааруум деп күлүп учурашты. Саламатчылык деп колун сунуп менин атым Алымбек, мен

Бутово көрүстөнүнө барышым керек деди.

Меним атым Абай, албетте барамыз гой – деп машинага отургузду. Василий сен бошсуң эртең эрте күтөм, деп ага сержантты кетирип жиберди Абай.

Бутово көрүстөнү жакын эле жерде экен, барып эле кире бериштеги тизмеден фамилясын издеп тапты да, күрөк сурап картада коюулган номерлер менен издеп таап, куран окуп, алып барган ак матага күрөктөп топурак салды Алымбек.

Матаны түйүп аста, аяр, бирден көтөрүп, машинага салышты да, эми сизди түнөк үйнө жеткирейин деди Абай.

Жол катар бийик карагайлар, ийилип турган кайыңдар, жол жээгин бербейт, көздүн жоосун алат, кеч күз болсо да, али көп суук түшө элек кези экен.

Аңгыча аскер госпиталы деген жазуусу бар дарбазага келип токтоп, топурактар машинада тура берсин, ордунан козгобой эле коёлу деп айтты Абай.

Ары жакта турган солдатты чакырып бул биздин конок, бөлмөсүнө жайгаштырып кой деп дайындап, эртең келем деп кетти Абай.

Алымбек жуунуп кийимин алмаштырып алып, эң улуу агасы Сүйүнбекке телефон чалды, байке бул мен Алымбек деп, кандайсыңар, атам – апам жакшы жүрөбү, мен Москвадан чалып жатам деп түшүндүрүп берди.

Анда ата – энемди алып жөнөйүн, сен келгенче барып туралык, куда – кудагыйды, сый – зыйнаты менен жерге берли деп айтты Сүйүнбек.

Автор Тоту. Арзыкулова.


Уландысы бар.




Totu Arzikulova

www.kafiye.net