ЖӨЖӨМ АЙ




Кичинекей жөжөм ай,

Жем жеп жүрчү корунбай.

Уйкуң канбай калганбы,

Упчу берем тур эми ай.



Жомок айтып беремин,

Угуп турчу жөжөм ай.

Укпай калсаң жөндөп ай,

Кызык болбос жомок ай.



Кирпигиңе кир жукса,

Алып коём жөжөм ай.

Үлпүлдөгөн кийимиң,

Үшүтпөйт го жөжөм ай.



Кичинекей жөжөм ай,

Киринтейин, турчу эми ай.

Татынакай болосуң,

Таза сууга түшсөң ай.

Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova


www.kafiye.net