Күч күйөө(31).



Кечке чуркап чарчаган Бүбүайша башы жаздыкка тийгенде эле уйкуга кетти.

Кайсы убак экенин билбейт, өңүндө көргөндөй түш көрөт, ата – энеси эки бир тууганы, таптаза, аппапак көйнөк кийип, жапжашыл өрөөндө, чоң суунун жээгинде, отурушат.

Бүбайшаны байкап калган апасы сен эмнеге келдиң бул жакка,- кет, сага болбойт – деп урушат. Ага болбой Бүбүайша дагы бир кадам таштаганда, токто атаң, байкелериң сени байкаган жок, кетип кал, сени үйдө күйөөң жана уулуң күтүп жатат- деп колуна чоң чыбык алып кууп жөнөйт.

Апа айтсаңыз атамдар эмне жеп жатат, баш которбой жеп жатканына караганда өтө таттуу окшойт апа мага да бергилечи деп жалдырайт. Анда апасы укмаксан болуп үйгө көчүп барып жакшы болду. Күйөөң да жакшы киши экен, уулуңа көңүл бур, сен аны жакшы карабайт экенсиң, уулуңду кара деп түртүп жиберет.

Ойгонуп кетсе түшү экен аябай алка – шалка тердеп, суусап калыптыр, суу ичип келип, кайра түш көрсөм экен деп уктап кетти.

Эрте менен турса башы ооруп калыптыр, Алымбекке түшү жөнүндө айтпай эле коёюн деп чечти, ансыз деле жумушу оор деп ойлоду.

Мектепке барганда эле жан дүйнөсүндөгү болуп жаткан коркунучту унутат, мектептен чыкканда эле баягы көрүнүш бирөө аңдып келе жаткандай, бирөө кол сала тургандай эки жагын элеңдеп, коркуп карай берет Бүбүайша.

Үч – төрт күн дагы кайталанды түш, зыяны жоктой, бирок өкүл апасына айтып көрөйүн деп чечти.

Жумуштан чыгып өкүл апасына жолугуп кетейин деп үйүнө кайрылды.

Кирип барса кагылайын десе кел, келе гой жумуштан чарчадыңбы – деп жылуу кабыл алды өкүл апасы. Жок апа жумушта жакшы жүрөм, эми мени башка түш кыйнап жатат деп, түшүн айтып берди.

Ии апаңдын сени кууганы жакшы болуптур, кел бул жерде түш жооруган кемпир бар, чакырып жоорутуп көрбөйлүбү – деди.

Үйдөгү уулун чакырып кел деп жөнөтүп чай ичип жатса эле кирип келди кемпир.

Бүбүайша түшүн айтып берди эле, аа балам ата – энең атууга кеткен болсо, мусулманча кепинделип көмүлбөй калган, ошондуктан түшүңө кирип жатат го деп жооруду. Эми эмне кылыш керек – деп сурады Бермет.

Аны молдодон сурагыла – деди кемпир.

Анда Алымбектин жумушуна телефон чалып чакырайын, бизди молдого алып барып келсин – деди Бермет.

Алымбек Кубатты көтөрүп кирип келди, саламатсыңарбы апа эмне болду тынчылыкпы деп.

Ооба балам тынч эле Бүбүайшаны дагы түшүнө аян берип жатыптыр, түш жооруган кемпир молдого баргыла – деп түшүндүрдү Бермет. Ошондой акыркы күндөрү ойлуу, мелтиреп эле бир жерди карап отура берет – деп кейиди Алымбек.

Кубат балдар менен ойноп турсун биз барып келели деп жөнөп кетишти.

Машинанын үнүнөн ит катуу үрүп абалап жатканынан ким бул -деп сакалдуу, салабаттуу киши сыртка чыкты, биз молдоке сизге келдик эле – деп учурашты Алымбек.

Киргиле үйгө деп чырак жагылган үйгө киргизди.

Ии келген жөнүңөрдү айткыла – деп жерди карады молдоке.

Бермет жайма – жай баарын түшүндүрүп айтып берди эле, аа де, мен келинге дем салайын, бул бир эки жумага жаман ой, түштөн арылтат. Эң негизгиси ата – энең бир туугандарың кепинге оролбой, ак жууп – тарап жаназа окулбай калган кызым – деди да көпкө окуду.

Окуп бүткөндөн кийин ар жума күнү түштөн кийин келгиле, дем салып берип турам, бирок шартыңар болсо, кайсы жерге коюулса, топурагын алып келип кепиндеп көмсөңөр арбак ыраазы болмок – деди молдо.

Биздин чөлкөмдүн эң билимдүү молдосу ушул киши, айтканын кылалы, каап шартын сурап албай деп айтты Бермет.

Чын эле сурап чыгайын, кепиндеп көмүш үчүн эмне кылсак болот – деп Алымбек кайра кирди молдого. Төрт кишилик кепиндик мата ала кел калганын келгенде айтам, – деди молдо.

Үйгө кирсе Болот жумуштан келип калыптыр, Алымбек саламатсызбы ата, ден соолугуңуз жакшыбы, жумушуңуз болуп жатабы – деп сурады.

Бүбүайша да көңүлү көтөрүлүп күлүп, ата кандайсыз деп учурашты.

Үйгө киргиле Кубат балдар менен ойноп жатат, бүгүн биздикинде калгыла, атаң менен кенен кесир сүйлөшүп, чер жазгыла – деди Бермет.

Болот аялынын көзүнөн эле маселе терең экенин байкап, кел отур балам сүйлөшөлү деди.

Болот атасына Алымбек молдонун айтканын айиып бергенде, балам молдо айтса кылыш керек , орто жолдо Бүбүайшаны кыйналып калат, канча эрте бүтүрсөк юул ишти ошончо жакшы – деди Болот.

Ата Москва областына караштуу Бутово көрүстөнүнө ( Бутовский полигон) барышым керек, мен чечимден окугам, – деди Алымбек.

Анда мен сенин чоңдоруң менен сүйлөшүп, сени командировкада жиберейин, эртең сүйлөшөм – деди Болот.

Автор Тоту. Арзыкулова.




Уландысы бар.



Totu Arzikulova
www.kafiye.net