Күч күйөө(30).



Жумуштан бир жумага суранып кеткен Алымбек эми бир айга эс алууга чыгайын деп чечти да, арыз жазып, жообун күтүп жатты. Бүбайшаны жумуштан алып, ата – энесинин үйүнө барып көрүштү, ачкычты таштын түбүнө бастырып койгон боюунча экен, он жылдан ашык адам жашабаган үйдү ачып кирип барып таң калышты, үй таптаза, жаңы эле бирөө тазалап чыгып кеткендей.

Бүбүайшанын көзүнө атасы – апасы, эки агасы тартылып, көзүнөн тып – тып деп жаш тамып жатты.

” аппагым” ыйлабачы эртеңден баштап чатырын оңдоп баштайм, анча мынча жерин актап, сырдап көчүп келебиз деп сооротту Бүбүайшаны. Эшик ачылганын көрүп коңшу Валя апа кирип келип, силер кимсиңер дегенде, Валя апа тааныган жоксузбу бул мен Бүбүайшамын деди.

Оо кайдан тааныйм, апаңдын эле өзү болуп калыпсың, карачы супсулуу, бул жолдошуңбу?- сооп иш болду атаң менен апаңды актап койдуңар, жалаа жапкандар эми азабын тартып жатышат, аттиң десең кайран кишилер ак жерден атылып кетти ээ – деп кейиди Валя кемпир.

Көзүнө жаш тегеренип турган Бүбүайша, биз үйдү оңдоп түзөп жашасакпы деп жатабыз – деди.

Жакшы болбойбу канча киши келди мага бериңиз деп, кызы бар деп бербей койгом, келеериңерди билгем – деди Валя апа.

Сизге чоң ыракмат короо жай, үй баягыдай экен, кирип – чыгып карап тургансыз го дегенде, ооба сенин ата – энеңдей мыкты адамдар чанда жаралат, канча жакшылыгын көрдүм кантип унутам, деп айтты Валя апа.

Анда эртең келем менин атым Алымбек, Валя апа жакшы калыңыз деп коштошуп чыгып кетишти.

Тез эле чатырын жаап, үйдүн ичине меш коюп, бакта бышып турган, алма, алмурутту үзүп, ящиктерге салып, көчүп келип жашасак болот деп, Бүбүайшаны алып келип көрсөттү.

Жакшы, сага ыраазымын тез эле оңдоп – түзөп койдуң – деди Бүбүайша.

Эми тайкемди- тажеңемди, өкүл атам – өкүл апамды, Валя апаны чакырып куран окуталы, деп даярдана баштады Алымбек.

Колхозго кабар айтайын, дем алышта, көчүп келип чакыралы деп, чечишти жаш үй – бүлө.

Кабарды уккандан кийин Момун бир козу менден болсун деп, союшун алып, Перизат нан -боорсогун бышырып жөнөп калышты.

Үйгө келип эле, оо кудайдын бар экени чын экен, жездем – эжем өлбөгөн экен, артында калган кызы бар, эшиги ачылып, түтүнү булап турат – деп көзүнө жаш алды Момун.

Козуну союп куран окуталы деп сыртка чыкты, Перизат бышырып келген нан боорсогун кошуп дасторкон жайып даярданып жатышты.

Аңгыча болбой Валя кемпир, Болот, Бермет кирип келип, оо Алымбек сен чоң уста болуп кеткенсиң го, деди өкүл атасы Болот. Ооба, айылда чоң атамын үйүндө көп жүргөм, көп нерсени чоң атаман үйрөнгөм – деди Алымбек. Тамак ичилип бүткөндөн кийин баары Валя апага ыраазычылык билдирди, биз үй жөнүндө унутуп деле калдык эле, сиз көрөгөч турбайсызбы, алыскы туугандан жакынкы коңшу деген сөз дагы бир жолу тастыктады, эми Алымбек менен кудай коңшу болосуздар – деди Момун.

Ооба балдарым силер да жакшы чечим кабыл алдыңар ата – энеңердин арбагы ыраазы болсун – деп бата беришти.

Автор Тоту. Арзыкулова.

Уландысы бар.


Totu Arzikulova
www.kafiye.net