АЛА-ТОО АЖАРЫ



Тоо башылап Тогуз-Булак акса керек,

Андыктан аталып ал калса керек.

Чыгынган эл чыпчыргасын коротпой,

Чын дилинен курорт кылып салса керек.




Тогуз-Булак суусу тынбай шаркырап,

Уккан жанды бир өзүнчө шат кылат.

Укмуштуудай музыкадай угулуп,

Көшүлдүм мен, таң аткыча жаркырап.




Чакыргансыйт Ала-Тоомдун ажары,

Сагынгансыйм ууз тунук абасын.

Чаалыкканым сездирбеди башатың,

Деген өңдүү менден кубат аласыӊ.




Кышкы тоолор эс алуусуз өтөбү,

Өзү чыгаар өпкөлөрдүн жөтөлү.

Өжөрлөнүп жылгаягын тебели,

Өзү кетер денелердин кесели.




Жармакташып биз кезекти күтөбүз,

Асмандаган асма жолго түшөбүз.

Эркелетип Ала-Тоонун ажары,

Зымырайбыз учкун канат күтөбүз.




Кызыктырат кылактаган лыжачан,

Тээ алыскы Бурятия, Чуваштан.

Кымың этип ички дүйнө чачылат,

Тайып кетип калчу болсоӊ жыгылып,




Тез жардамдай келет дайым шашылат.

Тетик жандар кызыгууга азгырат.

Кыймыл эткен тунук сезим ойготуп,

Кылымдарга кызыктырып аткарат.



Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova


www.kafiye.net