Bir 1 kişi ve ayakta görseli olabilir

Өмүр таржымалы

Майрамбүбү Абдыканова 13.02.1959жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Киров мектебинде окуп, Фрунзедеги политехникалык техникумду, Фрунзедеги политехникалык институттун энергетикалык факультетин бүтүргөн.

КРнын “Кыргыз-акын жазуучулары” коомдук фондунун мүчөсү, Манас Эл коомунун катчысы.

” Ыр булак ” китебинин автору.

АПАМА



Коңур үнүң комуз чертсе төп эле,
Мүнөзүӊүз чалкып жаткан көл эле.

Ырдаганда чын жүрөктөн беле.

Кубанчубуз, кубат алып термеле.



Үлпөттөргө күн чыккандай шаӊ элеӊ.

Ошол күндүн, отуруштун ханы элеӊ.

Шаан-шөкөткө бөлөп баскан жериӊди,

Кереметиң айтып бүткүс жан элең.




Селкинчекти куруп алып күүлөнтүп,

Жаркыратып жүргөн жерди гүлдөтүп.

Күлсөӊ күлкү ажарыӊа жарашкан,

Суктанышкан арт жагыӊдан ким?-дешип.




Эми ойлосом ыр жазыпсың элиңе,

Эзилишип сырдашыпсың жериңе.

Эне болуп уул, кызды чоңойтуп,

Эрезеге жеткирипсиң бериле.




Жаштык кылып бирин сактап калбапмын,

Жаңы гана элүү жаштан ашты элең.

Жазмыш экен оору алды койбоду,

Далай сырдуу ыр саптарың жазчу элең.




Шаар ичинде болоор эле шерине,

Шаан-шөкөттүү өтөөр эле арийне.

Көп ичинен көрүнчү элең өзгөчө,

Аппак куудай турар элең кериле.




Жармасынын буркурашы тим эле,

Чака менен ичкиң келчү жөн эле.

Чайнабастан кете берчү өзү эле,

Карматкан май токочуң апаке.




Дем берчүсүң сыркоологон жанга сен,

Эмдеп койсоң эми түшчү бат эле.

Кимге болсо ак болуучу ниетиӊ,

Төлгө салсаң төп келишип баары эле.



Элестетсем айткандарыӊ кен экен,

Мээримиӊе билбейм эмне теӊесем.
Оо, дүйнөдөн жаратканым жай берсин,
Ушул ырды сага арнадым энекем!



Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova


www.kafiye.net