Кыялымда бирге кетем жаннатка

Ойлуу карап тиктегенде баракты,

Эрксиз көздөн тамчылаган жаш акты.

Сени эстеп, муунум бошоп түйшөлдүм.

Жоготкондой кайыктагы калакты.

Көпкө тиктеп жазылбаган баракты,

Эт жүрөгүм улам сыздап баратты,

Быйыл кышты кошсом эгер эсепке,

Тагдыр сенсиз алтынчы жыл жашатты.

Элес издеп канча өзүңсүз күн өттү,

Эзип кыйнап жүрөктү өйүп жүдөттү.

Эмнеге деп сурай берем кайталап,

Эстеп алып биз айрыган сүрөттү.

Көндүм жалгыз, айлар жылдар көп өттү,

Уйкусуздук өлкөсүндө түнөттү.

Тилесем да кайтып кайра келбеген,

Убактылуу бактым сабыр түгөттү.

Эсеби жок мүнөтү өттү өмүрдүн,

Эстен чыкпай караштары көзүңдүн.

Улам жаңы баштасам да жашоону,

Үмүтү өчпөйт сени күткөн көңүлдүн.

Билбей турсам не жазам деп баракка,

Ойлор кетти, шашып өзүң тарапка.

Жандап сени турбасам да бул ирээт,

Кыялымда бирге кетем жаннатка.

Райбекова А
www.kafiye.net