Ак жоолук салынган эне 11.

Бурмаш экөөбүз үйдү жыйнап иретке келтирип, атаңды күтүп отурдук.

Машинанын добушу угулуп атаң колхоздун башкармасы Капырбек менен кирип келди.

Учурашып

-ээ байбиче жакшы жүрөсүңбү, мыкты мээнеткеч уулду тарбиялагансыз, сизге ыракмат, деп колума бир тутам акча карматты.

Коркуп кетип;- бул эмне болгон акча деп сурадым.

Ала бериңиз бул эмгек акысы, өзү албай чогултуп жүргөн, сизге эле берейин, үйлөнсө керек кыласыздар, деди.

Ал кезде эч ким деле жыргатып эмгек акы алчуу эмес, буудай, ун, тамак- аш берип койчу эле.

Кана эмесе кеттик Кулмат абаныкына, кулдук уруп келели, деди Капырбек.

Машинага отуруп жөнөп калдык.

Колхоздун башкармасынын жөнөкөйлүгү жакты, дедим ичимден.

Баламды баласынтпай, мени кайдагы жесир кемпир дебей биз менен барып келем деп маакул болду, деп кубанып бараттым.

Бекен атаны эстеп, алда курган атам руху билип Наркулду колдоп жаткандыр, дедим ичимден.

Көпкө жүрүп жолдун боюндагы үйдүн жанына келип токтодук.

Күнгө артын салып, чапанын желбегей жамынып отурган киши тура берди.

Ассалому алейкум Кулмат аба, амансызбы, деп учурашты Капырбек.

Келгиле коноктор үйгө киргиле, деди сенин таятаң. Ошентип той болчу күндү белгилеп үйгө көңүлдүү кайттык.

Келип эле Бурмаш; – апа уул жактырган кызды көрө алган жокпуз ээ, ылдыйкы айылда өрмөк согуп жүрөт дешти, анда колунан көөрү төгүлгөн чебер окшойт ээ эне, деп сүйүнүп алган.

Берчүүбүздү берип калган акчага келинге кийим алуу үчүн Бурмаш экөөбүз базарга бардык, анда мындай жайнаган дүкөндөр жок, жайма базар болор эле.

Өзгөчө Кокондон келген соодагерлар мата- кече сатат эле.

Эндей мата алып, Бурмаш жеткирип берип келди.

Апа көрдүм келинибизди, ак жуумал, сулуу кыз экен, деп келди.

Ии болсун балам, уулуң экөө ынтымакта жашаса болгону, дедим.

Ошентип тойго чейин Бурмаш экөөбүз колхоздогу үйдө туруп калдык.

Бурмашты көрбөй калдың да, жанда жок боорукер, бала кыял эле, мен ичимден ай байкушум, сенин да, менин да шорум көп экен, деп аяп кеттим.

Абаңдан болсо дайын жок, согуштун бүткөнүнө беш жыл болду…

Той болуп апаңды үйгө алып келдик.

Жоолук салып, бетинен өөп карап туруп калдым, менин Улукбүбүмдүн өзү, куюп койгондой окшош экен, кызым тирилип келгендей сүйүнүп турдум.

Апаң менен кошо үйүбүзгө кут кирди, айылдын байбичелери келип батасын берип маңдайы жарык келин экен деп жүгүнгөн сайын, өркүнүң өссүн, бак- таалайлуу бол, көп балалуу бол деп алкап жатышты.

Өзгөчө Бурмаш кубанды айылдын келин- кыздарына көрдүңөрбү менин абысынымды, деп бактылуу болуп жүрдү.

Экөө эгиз козудай ээрчишип сууга барышат, чогу нан жабышат, тамак бышырышып, эже- сиңдидей ээрчишип жүрүштү.

Бурмаш ата- энесине кетпей биздикинде жүрө берди, кудагый да алып кетем деп келген жок…

Биздикинде көп жүрүп калганда кудагый же жеңеси келип алып кетчи эле, бул жолу келишпеди…

Таарынып келе берген го деп ойлоп калдым, бирок Бурмаш эч кимди капа кылбайт эле, үйдөгүлөрдөн бирдеме кеткен, деп ойлонуп калдым…

Бир күнү кошуна Батма байбиче келип, ээ Бүбүш чай ичейин деп келдим, келиндериң нан жаап жатты беле,- деп кирип келди.

Ооба, ооба келиңиз, чай дайындагыла деп отуруп калдым.

Келиндер бири чай кайнатып, бири дасторкон жайып жүрүштү.

Бурмаш эмне кетпейм деп жүрөбү?- деп сурады байбиче.

Билбейм эч сөз козгогон жок, мен да сурабадым, дедим.

Өйдөңкү айылдагы тегирменчи Бурмашка жуучу жибериптир, аялы сегиз кыз төрөп, токол алсам уул төрөп береби, деп ойлосо керек.

Бурмаш ата- энесине ошон үчүн барбай жүрөт, деди Батма байбиче.

Ичим өрттөнүп кетти, тегирменчинин, тырык беттери көз алдыма тартыла түштү, аңкылдаган аялы Бурмашка күн көрсөтпөйт да, деп түтөп кеттим. Жайлуу жер болсо өзүм эле батамды берип жөнөтөт элем, деп ойлонуп калдым.

Батма байбиче аны- муну кобурап бир топ отуруп кетти.

Менин кабагым салынганын байкаган Бурмаш, эне сизге эмне болду деп сурады.

Балам башым ооруп турат, жата турайын дедим. Ошол боюнча шаарчада доктурда жатып көзүмдү ачтым.

Эс- учумду жоготуп, атаң доктурга алып келиптир, орус врач бар эле, апа сен жаман, жат дейт, же жата алсамчы.

Турсам башым эле айланат, ошентип бир нече күн жатып, ооруканадан чыктым.

Эки келиним, эки жактан энекелеп жакшы боло баштадым.

Бир күнү эрте менен Бурмаштын агасы келди, аны- муну сүйлөшүп отуруп, кудагый мен Бурмашты алып кетейин деп келдим, деди.

Аңгыча эле Бурмаш жок издеп таппайбыз, анын ортосунда тоону жарабыз деген сирена жаңырып калды. Анда шаарчада бир адам сыртка чыгып баса алчу эмес, анткени таш кулап басып калуу коркунучу бар эле. Бурмаш болсо жок, сирена басылганда издеп жөнөдүк, жолуккандын баарынан сурап жаттык.

Канча убак өттү билбейм, балдар чуркап келип Бурмаш эже чоң көпүрө жакта отурат, дешти.

Унуп эле мен барам дедим, бирок муундарым калчылдап буттарымда жан жок баса албай жаттым.

Аны көргөн агасы чуркап кетти, колунан сүйрөп алып келди агасы.

Ыйлаган, өңү бир алда Бурмаш мени кучактап, энекебай мени алып калыңыз, мен үйгө барсам да тегирменчиге тийбейм, андан көрө өлгөнүм артык деди.

Агасын карап туруп барбайт, жибербейм, дедим мен эмне жесем жеп, мен эмне кийсем кийип отурат. Бурмаш менин бүлөм деп кесе айттым.

Ии өлүү- тирүүсү жок балаңды айтып жатасыңбы, кана балаң, немецке сатылып кул болуп жүрсө керек же бир жерде сөөгү чирип дөбөгө айланып жаткандыр, деп кыйкырды агасы.

Аны угуп турган коңшубуз Чарыкбай келип туруп агасын жыга чапты.

Жогол деди, менин жиниме тийбе, Раманкулдан айлан, өзүң дизертирсиң, акмак жогол, деп кууп чыкты.

Эми Бурмаш төркүнүнө кетпей калды окшойт деп жумушка орноштурайын деп башкармалыкка бардым. Ошол жерде аскер форма кийген жигит туруптур. Уулкан тура калып ии Бүбүш кел, бул биздин жаңы ополномочонный бала, аты Мырзабек деди.

Саламатсызбы апа деп учурашты жигит.

Ии балам жакшы, деп учураштым. Анан келген жөнүмдү айттым, азыр бала бакча ачалы деп жатабыз, анда областка окууга жибер Бурмашты, деди Уулкан.

Сүйлөшүп көрөйүн деп коштошуп чыгып, Мырзабек менин Бурмашыма татыктуу жубай болуп берет, деп ойлодум, да кайра өзүмө таң калып койдум.

Капырай де балким үй бүлөсү бардыр, балким Бурмашты жактырбай коёбу, деп ойлоп бараттым.

Тоту Арзыкулова
www.kafiye.net