Ак жоолук салынган эне10


Кийинки жылдар өтө катаал болду.

Ачарчылык өкүм сүрдү, жаш балдар, кары- картаңдарга өтө кыйын болду. Согушка кеткен эр жигиттерден да кат өтө аз келип калды.

Күткөнбүз эле почточу, анан радио, немецтик баскынчыларды кууп чыгып жатабыз, дегенде ураааа деп балдар чуркашып, биз кол кубанабыз.

Абаңдан болсо,1942 жылдын жаз айында кат келген боюнча кабар жок. Аманмын деген сөзүн угууга зар болдум.

Бурмаш да ыйлап жүрдү, мага билгизбейт…

Буудай бышканда колхозго барып машак терип жүрдүк, атаң комбайн чабат. Ал кезде комбайндар бийик белем, талаанын жарымы эле чабылбай калат, калганын машак теребиз.

Кырманга келсек буудайды бадырак кылып кууруп коёт, Бекен ата Кадыр менен Махмудду ээрчитип келип калды.

Байкуштар жөө- жалаң келиптир, чарчаган кийимдери кир, куурулган буудай жеп курсактары тоюп, балдар менен машак теришип, жардам берип жүрүштү.

Мени эне дейт, Бекен атамды чоң ата дейт, ал эми Бурмашты өтө жакшы көрүшүп апа дейт.

Колунда бар, бирин – экин малы барлар бизге бергиле балдарды, биз мандикер кылып жумшайбыз деп сурайт. Бекен ата түк болбойт, кой кабыргасы ката элек балдарды, жумшап, кыйнап коёт деп.

Андан көрө биз эмне болсок ошо да, ач болсок ач, ток болсок ток, бирок окутуп тарбия беребиз, деп бербейт.

Бекен атам жанда жок боорукер, ак көңүл адам эле, деп энем көпкө унчукпай калды…

Ошол жылы колхоздо кыштап калдык, артелде деле иш солгундап калган, баарыбыз Наркулдун колун карап отурабыз.

Бурмаштын ата- энеси жүгөрү айдаган, жардам берип жарым эки кап жүгөрү алганбыз, ошол жүгөрүнү тарттырып загара нан жеп жүрдүк.

Согуштун каарын далай тарттык, далай жолу ыйладык, гитлерди каргап жүрдүк ата- жотосуна жеткире.

Бул жолу менин уулумду көрдүңбү деп сурай албай келдим.

Буулуктум, ыйладым, алым жеткени Гитлер болду…

Башың куурап калгыр, жакшылык көрбө, деп каргадым, деп ыйлады энем.

Мен колун бекем кармап эне болду ыйлабыңыз, деп сооротуп жаттым..

Ошентип күтүү менен күн өтүп жатты, атаң жазбаган, сурабаган жери калбады, бирдей жооп келип турду…

Дайынсыз жоголгон… деп.

1946 жылы чечендер өз жерине кайта турган болушту, биз үчүн Амина, Салима жана балдар менен коштошуу өтө оорго турду…

Алар жетип эле кат жазышты, биз аман- эсен жеттик, Махмуд менен Кадырды интернатка алып кетишти деген кабар алдык.

Андан кийин да байма – бай кат келип турду.

Махмуд окуп заводдо инженер болду, ал эми Кадыр болсо геолог болуп Урал тоолорунда кен изилдеп жүрөт деп жазышты.

Бирок 1947 жылдын кышы өтө оор болду Бекен атадан айрылдык…

Шаарча үчүн өтө чоң эмгек кылган жаран катары митинг- коштошуу өткөрүп, анда кайраттуу Уулкан да сүйлөй албай ыйлап турду…

Ошентип ата ордуна ата болуп калган Бекен атамды жерге бердик…

Мен, Наркул, Бурмаш үчөөбүз, карманар кишибиз жок, жетим болуп калдык…

Үйүн жыйнап жатып баягы балдардын сүрөтүн таап алдым, кучактап алып көпкө ыйладым…

Бир күнү Бурмаш үйдү чыгарып, күнгө жайып, тамак жасап бүтүп;- апа мен атамдардыкына барып келейин, деди.

Карасам бүт кийимдерин түйүп алыптыр, жүрөгүм кетип калат деп турса да сыр бербей, мейли дедим.

Коштошуп жатып маңдайынан өөп, бактылуу бол, жолуң ачылсын дедим.

Бурмаш да ыйлаган боюнча кайра артын карабай чыгып кетти.

Баалуу буюмду жоготкондой, ичим ачышып, болду эми келбейт, дедим.

Оо каргыш урган согуш, менин уулум кана?- дедим.

Менин алмончоктой келинимде эмне күнөө?

Менин уулумду, мунун күйөөсүн алып кеттиң эле, кана?- дедим.

Ыйладым, ойлондум, түнү менен кирпик каккан жокмун.

Мендей болуп канча эне ыйлады, сендей болуп канча келин жарын күтүп жүрөт, деп сурадым…

Жооп таба албадым…

Ошол күндөн баштап менин кайгыма- кайгы кошулду, түнү менен ыйлай берем.

Кээде жумуштан шашып келем, Бурмаш эшикти күлүп ачып, эне чарчаган жоксузбу? – деп сурайт деп барам.

Мени ээн, караңгы үй тосуп алат…

Бекен атанын үйүнө баягы согуштан бир буту жок кайткан Жолдош көчүп келди.

Ал азыр шаарчада эсепчи болуп иштеп жаткан.

Бир күнү алдан- күчтөн тайган Мыскал апа келип, ээ Бүбүш сен мага жардам берчи, Жолдошту үйлөйүн деп жатам.

Жашы отуздан өтүп кеткенине карабай бойдок эле, үйлөнбөйсүңбү? – деген суроо жоопсуз калат эле.

Өзүнчө бир буту жок мунжуга кайсы кыз тиймек эле деп корунат окшойт.

Мыскал апанын сөзүн эки кылбай колумдан келген жардамды берип, үйүн актап- сырдап келин киргиздик.

Ылдыйкы айылдан Саламат деген сулуу кызга үйлөндү.

Эки- үч күн той болуп бапырап калдык.

Алыскы туугандан, жакшынкы коңшу деген, бир үй бүлөдөй жашап ушу күнгө чейин катышып келебиз, деди чоң энем.

Эне ал биздин Жолдош аба менен Саламат апабы?

– деп сурадым чыдабай.

Ооба дегендей башын ийкеп койду чоң энем.

Анда Жолдош абам таяк кармап, аксап басканы эле болбосо, буту бар го, деп кызыктым.

Ал кийме бут кызым бир буту жок, – деди чоң энем.

Анан атаңды үйлөн балам, сени үйлөп өлсөм арманым болбос эле дей бердим.

Акыры жакага жер айдаганы кетип, Өрүктү деген айылдан бир кызды жактырдым, үйлөнөм апа деп келди. Мен кубанып даярдана баштадым, колхоздогу үйгө барып, оңдоп, тазалап жаттык. Бизди келди деп угуп Бурмаш келди, мени көрүп эле басып жыгылды, эне кагылайын эне, менин күнүм эмне болот, Раманкул келбейби эми, деп ыйлап жатты.

Мен да күтүп жүрөм балам, менин жүрөгүм тирүү дейт, келет, деп айттым.

Ошол жылдары бир эле түш кайра- кайра кире берчү болгон…

Караңгылыктан суурулуп чыга албай, чуркап келе жаткан Раманкулдун караанын көрө берчү элем…


Тоту Арзыкулова
www.kafiye.net