Ак жоолук салынган эне 9

Жолдошту баарыбыз курчап алып коё бербей жаттык.

Бир убакта Уулкан болду жумуш ордуңарга баргыла, кечинде Мыскал апаныкына келе бергиле, Жолдош менен ошондо сүйлөшөсүңөр деди.

Баарыбыз тарап артелге көздөй жөнөдүк, биз кире бергенде, эки машинадан аялдарды жаш балдары менен түшүрүп мончону көздөй айдап жөнөдү.

Биз немец аялдар го деп күбүр – шыбыр боло түштүк.

Ошондо чыдап тура албай Каныш, оо өлүгүңдү көрөйүн какмарлар десе, менин күйөөмдү өлрүргөн силерсиңер деп таш алып чуркады. Кайтарып бара жаткан солдат эже булар чечендер, сүргүнгө айдалган чечендер, деп колунан кармап калды.

Тигил көпүрөдөн өтүп бара жаткан аялдар качкан да жок, жалтанган да жок, жөн гана чарчагандан, балдарын араң көтөрүп бара жатты. Кечке чейин эч ким нормасын аткарган жок, колубуз ишке барбай, бири- бирибизди тиктеп отура бердик.

Уулкан келип артелди жаап, кана эмесе кеттик Жолдоштукуна , деп ээрчитип жөнөдү.

Мыскал мыкты аял болчу чоң казанга тамак асып, жупка бышырып коюуптур.

Баарыбыз отуруп тамак ичип баштадык, көптөн бери кардыбыз жакшы тоё элек эле, кубанып калдык.

Анан согуш жөнүндө сурап жаттык, пулемёт, граната, танк, окоп деп бизге тааныш эмес сөздөр айтылып жатты.

Ыйлап унчукпай угуп отурдук, ар бир сөзүндө биздин жоокерлер сөзсүз жеңиш менен кайтат деп жатты.

Бир убакта Уулкан тиги байкуштарга тамак берип жиберсеңиз боло Мыскал апа, деди Уулкан.

-Жана эле бир чака тамак берип жибергем, эмчекте балдары бар келиндер бар экен убал да, деди Мыскал.

Ии баса Жолдош эртеңден баштап ошол чечендерге бригадир болосуң, эртең эле жумушка чык, деди Уулкан.

Жок Уулкан мен алар менен иштеше албайм, алар мени укмак беле, деп чочуду Жолдош.

Ой кой сени Советтик Армиянын жоокери дейт каяктагы аялдардан коркосуңбу, деди Уулкан.

Ошентип Жолдош бир буттап балдак менен келип чечен аялдарды иштетип жатты. Башында сөз бербей уурулукка кирип, жууп койгон кирлерди уурдап кийимдер жоголуп жатты.

Бир күнү формачан үч атчан келип тизип алып көпкө сүйлөдү, ошондон кийин уурулугу калды.

Балдары биздин балдар менен ойноп кыргыз тилин үйрөнүп калышты.

Бош болсо эле жылганы аралап чөп терип келип жеп жатышты.

Ошентип күз келип түнкүсүн суук күндөр башталды.

Айнек – терезеси жок мончодо чечендер үшүп балдары ооруп, ооруу көбөйүп кетти. Уулкан жаш – кары дебей аялдарды, балдары менен үйүңөргө киргизип алгыла, мындан кыйын кезде жашаганбыз, азыр эмне болуп калыптыр, деди. Маакул көрүп үйлөрүбүзгө ээрчитип жөнөдүк.

Мени эже- сиңди ээрчип алды, ичимде жакшы болду Бекен атама да эрмек болот, биз да Бурмаш экөөбүз эрбейбей көбөйүп калат экенбиз деп бараттым.

Жашыраак келин мага жакын келип, менин атым Амина, бу менин эжем Салима деп тааныштырды.

Аа жакшы, ошондо экөөңөрдүн беш балаңар барбы деп сурадым.

Жок менин бир балам бар, Салимнын эки баласы бар.

Бул экөөнүн апалары жолдо каза болгон, биздин айылдык болгондуктан, бизди караан тутуп жүрөт, деди.

Ии байкуштарым деп баштарынан сыладым.

Оо куурап калган фашист, канча кишинин убалына калдың, деп бара жаттым.

Ошол убакта ичимди өрт чалып жүрдү, анткени ала жаздан бери Раманкулдан кат- кабар жок эле.

Балдарга билдирбегеним менен ичкеним ириң, жегеним желим болуп жүрдү.

Салима менен Аминаны Бекен атам үйүнө алып кетти, эки баланы мен алып калдым, ыйманы ыссык балдар экен. Кечинде Бармаш мешке от жагып суу жылытты, тепшиге салып жуунтуп, чачын кайчылп алып салды.

Кийимдерин жууп, мештин үстүнө жайып койдук эле эрте менен кургап, кийип алышты.

Бир убакта Бекен ата келип ай Бүбүш балдарың менен кышкыга отун камдасак кантет, деди. Мейли ата сиз балдарга отун- суу камдаганды үйрөтө бериңиз, дедим.

Атыңар ким кагылайындар деп сурады Бекен ата астында турган бала менин атым Кадыр, а бул Махмуд деди.

Ошондо обочорок турган бала бышактап ыйлап жиберди.

Бекен ата барып кучактап, убалыңар согушка жетсин, бирөөнүн мончоктой балдары минтип атам тааныбаган жерде кор болду деп жашып кетти.

Тоту Арзыкулова
www.kafiye.net