САГЫНДЫМ АПА




Коңгуроо гүлдөй татына элең,

Кучагың жылуу ак мамык белең.

Мээримиң төгүп ,жалбарып турган,

Сөздөрүң апа сагындым билсең.



Кусалык басып жүрөмүн апа,

Сан ойго чүнчүп, чөмүлөм апа.

Издериң издейм короодон баскан,

Изиңди көрсөм,өбөйун апа.



Асылым апам, өзүндөй мага,

Жан жок экен,таппадым апа.

Келбеске кетсең ишенбей ыйлайм,

Бейиште жүрчү айкөлүм апам!!!



Автор: Маметова Зуурабу Алимбековна Санта.
www.kafiye.net