ГУЛ ЖАНА АДАМ



Ташты тешип гүл өсөт,

Жашоого канбай кумары.

Тагдырга моюн сунбастан,

Өмүр анын тумары.




Жашоого мойнун созуп,

Алдына максат койуп.

Намыз менен алга өсөт,

Керек болсо,ташты ойуп.




Тамыры таза жандын,

Жашоосу кандай таттуу.

Тоскоолдук күчү жетпес,

Болсо да таштай катуу.




Тоо ташты жарып чыгып,

Татына гүлдөр өсөт.

Эркине баа беремин,

Гүл өзү алсыз көчөт.




Гүл менен адам окшош,

Күрөштөн такыр коркпос.

Ташты да тешип өскөн,

Жашоодо экөө тектеш.




Тагдырга шылтап салбай,

Өкүнүп башты салбай.

Жашоого умтулалы,

Намызсыз өчүп калбай.




Жашоодон сабак алып,

Жашайлы гүлдөй жанып.

Колуңда бүт өмүрүң,

Каймагын алчы калпып.




Тагдырдын өгөй тамашасын,

Майтарат эрки күчтүү.

Гүл менен адам өзү,

Түгөнбөс таттуу суйуу.




Жараткан сыноо берсе,

Күрөшөлү сынбайлычы.

Гүл сындуу кайрат менен,

Жашоону улайлычы.




Маметова Зуурабу Алимбековна Санта
www.kafiye.net