ЖАМГЫР ТӨГӨТ




Жамгыр төгөт, сыртта эч басылбай,

Күн күркүрөп, кабагы да ачылбай.

Күлкүм өчүп, турам эстеп жаштыкты,

Жакшы ырлар, казынасы казылбай.



Жамгыр төгөт, ушул күндү элестеп,

Жараланган, жүрөк сырын электеп.

Жоогазындай, жаңы ачылган гүл элек,

Жоодураган, көздөр бизге белек деп.



Жамгыр төгөт, көөдөнүмдү ыйлатып,

Унуттурбай, бир жылдарды кыйнатып.

Ушул күнү, ушул саатты эске алам,

Убарасыз, бөлгөн тагдыр сыздатып.



Жамгыр төгөт, күйүп турган чок өчүп,

Жашым өтсө, жан дүйнөмдү жүдөтүп.

Жылдар мени, дарылайт деп ойлогом,

Жеңе албадым, убакыт саат күзөтүп.



Мезгил дагы, жылдар нечен алмашып,

Кете албады, сүйүүм дагы адашып.

Жамгыр жааса эстейм ууз сезимди,

Жараланган, жүрөгүмдү (эх) канатып.



Москва.

Кайыр Жазы.

www.kafiye.net