АТАМ БАР



Сыймык кылып айтып жүрөөр адам бар,

Сыйласам да жаңылышкан катам бар.

Куштай таптап тагдыр сырын үйрөткөн,

Кандай жакшы, түшүнүктүү атам бар.



Үйгө келсем эң төрүндө атам бар,

Жаштыгынан жандап жүргөн апам бар.

Жүрөгүмө жылуулукту сездирген,

Кандай жакшы, алтын атам, апам бар.



Кеңеш айтаар кең пейилдүү атам бар,

Келечегим ойлоп жүрөөр адам бар.

Өксүк кылбай боор этимди бүтүндөп,

Кандай жакшы кейитпеген бактым бар.



Жолум карап күтүп жүрөөр адам бар,

Мээримине бөлөп турган атам бар.

Бүлөөм башка болсо деле ар дайым,

Жүрөгүмдүн эң төрүндө АТАМ бар.



Райбекова А
www.kafiye.net