Түйшүк менен алышуу



Улам калчап күчүн сынап сабырдын,

Учук улап түйшүк менен алыштым.

Узун түндө уйку көрбөй кээ күнү,

Улам сайын чарчап кайра жазылдым.



Өзүм дедим, жетишем деп тырышып,

Ар тараптан турсам дагы кысылып.

Келечектин жолун түзөп кетүүгө,

Алпурушам убакыттан кысынып.



Чөктүм кайра баш көтөрүп түзөлдүм,

Жалгызданып кабак бүркөп түнөрдүм.

Ээ боло албай тагдыр урган соккуга,

Жашырынып күндү ыйлап өткөрдүм.



Бирде толуп, бирде кайра бөксөрдүм,

Бирде сынып, бирде курчуп өкчөлдүм.

Түгөнбөгөн түпкүрү жок түйшүктө,

Ишеничтен көп жабыркап өзгөрдүм.



Кылдай ичке жибин кармап үмүттүн,

Кыялданам изин баспай күйүттүн.

Белди катуу бууп жерди казчудай,

Бекем кармап турам сабын күрөктүн.



Райбекова А

07.04.2021ж 04:10
www.kafiye.net