Сагындым АПА



Кечирчи апа! Түшүнбөй кээде таарындым,

Кежирлик кылып көктүгүм менен жаңылдым.

Кантсем да мени кечирип кайра жазылган,

Апаке бүгүн өзүңдү катуу сагындым…



Ойлонбо апа! Мен бүгүн бир аз жакшымын,

Билинбей калкып жел менен учат жаштыгым.

Балалык калып чоң түйшүк азыр башымда,

Кайгырба апа! Жакшысы болом жакшынын.



Абалың кандай? Эсен-соо, маанай жакшыбы?

Соолугуң сурап, балдарың бүгүн жаздыбы?

Көңүлдүн гүлүн бир кучак кылып сунууга,

Ыр жазсам апа, күлкүңө бир аз арзыйбы?



Жылмайчы апа, түшүрбөй көңүл пайызын,

Жылжыган өмүр кечирсин санаа тайызын.

Жаштыгы бир аз аксатып турат кызыңды,

Бир аз күт апа, кайтарып берет карызын.



Өткөндү ойлоп, өзүмө-өзүм таарындым,

Өрт болуп күйүп, отундай өзүм жагылдым.

Өзгөрбөс болгон мээримиң ойлоп апаке,

Өзүңдү бүгүн жүрөгүм менен сагындым.



Райбекова А

22.05.2021ж 00:55
www.kafiye.net