Жашоо барагы…



Саамайым басып аппак чач ,

Саналуу биртке турамын.

Агарсын мейли бүт чачым,

Кудайдан өмүр сурайын.



Бетиме бырыш аста аста,

Түшкөнсүп турган убагым.

Бырыштар түшсө мейличи,

Тарткым жок эми муңайым.



Күлгөндө шыңгыр үн чыкпай,

Картайып барат убагым,

Мейличи үнүм чыкпасын,

Небереге берсин кудайым.



Эркелей түшсөм жарыма,

Жарашпай калган убагым.

Жаштыгым өтсө мейличи,

Карылык дөөлөт сурайын.



Таарынып көрсөм тултуйуп

Уялып калган убагым.

Ынтымак ырыс кешикти,

Балдарга берсин ылайым.



Коштошуп жаштык кез менен,

Кол булгап турган убагым.

Бирок да өчпөйт жүрөктө,

Сезимден жанган ырларым.



Кайыр Жазы. Москва.
www.kafiye.net