Апакеме



Тогуз айлап толгоо тартып төрөгөн,

Ак сүтүнө мээрим берип өткөргөн.

Апакебай кутула албай карзымдан,

Кала бердим ичим чыкпай бөксөргөн.



Айга теңеп балдарыңдын эркесин,

Айланкөчөк айлангансың билемин.

Элүү жашка жашым таяп турса да,

Апакебай сен мен үчүн энесиң.



Эркиң күчтүү, эркелетип келгенсиң,

Жакшы сөздүн терип дайым берметин.

Теңдеше албайт жер үстүндө бир адам,

Апакебай дайым бирге элесиң.



Өзгөрүлбөйт энелердин сүйүүсү,

Сен бар үчүн жарык эле үй ичи.

Көз ирмемде капысынан алдырдым,

Жаратканым берсин сага бейишти.


17.05.2020ж. Москва.

Кайыр Жазы.

www.kafiye.net