Коштошом



Карай бербе көздөрүмө муңайып,

Азап берип кайра өзүң тушалып.

Өчүң бардай ооруп турган жүрөктө,

Жалтаңдасам ого бетер күч алып.



Канча түркүн жамаачыдан куралып,

Оң турбастан бурагандай буралып.

Көңүл деген кесел менен алышып,

Жүрсөм дагы жүрөт сөзүң чубалып.



Канча салып, канча изди жашырдык,

Канча жолу биз бакытты качырдык.

Узун дебейм кыска ойго чектелдиң,

Биз жөн гана убактылуу табыштык.



Менби же сен сыноо үчүн кезиктик,

Канча жолу сабыр ташын кемиттик.

Болду эми кол булгалап коштошом,

Биз адашып, кокусунан бириктик.



Райбекова А

www.kafiye.net