Ак жоолук салынган эне 8.

1942 жылдын кышы суук жана катаал болду, кара кагаз биринин артынан бири келип, шаарча кайгыга батып калды.

Селсовет болуп Уулкан шайланды, ал өтө эрктүү , катаал аял эле, биз баягыдай эмгек акы албай, карточкага нан, картошка алып иштеп жаттык.

Бир суткада төрт саат эле уктайт элек, анан артелге чуркамай, бир күнү чоң машинеде материал алып келди.

Бир башкача канар капка салынган, көрсө ал парашют тигилүүчү материал экен. Ар бир парашюттан секирген десант жүздөн немецти атып өлтүрсүн деп тилеп, тигип жаттык. Андан сырткары эчкинин жүнүн ийрип кол кап, байпак токуйбуз.

Ал эми мектептен чыккан окуучулар Советтик жоокерлерге кат жазып алып келип берет, ал каттын мааниси мындай,

Урматтуу Советтик жоокер, биз силерди жеңиш менен күтөбүз. Сизге каалоо айткан Макаренко мектебинин окуучусу деп аты – фамилиясын жазат.

Кээ бир жоокерлер катка жоопп жазып алкыш айткан учурлар болду. Анда тим эле терибизге батпай кубанып жүрдүк.

Кимге уулунан, күйөөсүнөн, бир тууганын кат келсе артелге келип окуп берет, ошол келген каттан бир жоокердин биз кыйналдык ачка калдык деген сөз уккан жокпуз. Ар бир катта Гитлерге каршы айоосуз согушуп жатабыз, жеңиш менен кайтабыз деп жазышчу.

Катты окуп бүткөндөн кийин жалпылап жооп жазабыз, шаарчада болгон жаңылыктарды, кандай иштеп жатканыбызды, каттын аягында сөзсүз, силерди жеңиш менен күтөбүз деп жазчы элек.

Энем ушул жерге келгенде көзүнөн жаш чууруп, бир топко аарчып отуруп калды.

Мен болсо кинодон көргөн эпизодду элестетип, энемди аяп турдум…

Көп күттүм, абаңдан дагы эле кабар жок болду, Бурмашка, Наркулга билгизбей ыйлап алам.

Жаз ортолоп калганда шаарчага радио койду, артелдин жанына жыгачка орнотуп койду.

Таң калып эле бүт шаарча качан сүйлөйт деп карап калдык.

Бир убакта говорит Москва, говорит Москва деп сүйлөп кирди.

Сүйлөп жаткан сөздү Уулкан которуп берип турду.

Батыш фронтунда жетишкендиги үчүн жоокерлер наам алдыды дегенде балдар урааа, деп өздөрү немецтерди жеңгендей чуркап жөнөштү.

Жаз келгенде колхозго кеттик, атаң Наркул трактор айдап, буудай сепкенге жардам бердик.

Бат эле бүтүп келсек абаң Раманкулдан эки кат келиптир, биринчисин жаңы жылга чейин эле жазыптыр.

Кыскача биз менен учурашып, Москванын жакын жерде айыгышкан согушта немецтердин мизин кайтардык.

Жеңиш менен барабыз деп коюптур.

Экинчисин бир ай мурда жазган экен;- анда биздин ден соолугубузду сурап, өзү жаракат алганын жазыптыр.

Азыр госпиталда болсо да согушка суранып жатам, анткени менден оор жаракат алгандар жатат бул жерде. Доктур мени контузия алдың дейт, мен өзүм эч кандай контузия алган кишиге окшобойм, ошондуктан кайра согушка барам, деп жазыптыр. Катты окуп бир сыйра ыйлап, өпкүлөп, кубанып артелди көздөй жөнөдүм.

Окуп бердим, үнүмдү жогору чыгарып окудум, менин уулум Советтер Союзунун баатыры наамын алгандай кубанып окудум.

Анткени доктурлардын согуша албайсың, контузия агансың деп чыгарган чечимине каршы чыгып, кайра согушам деп арыз жазыптыр. Анда Санапия эже, ай ушул уулуң чын эле эрдик кылып кайтат согуштан, көрөсүң го деп, колумдан бекем кысты.

Бурмашты карасам көзүнүн жашы он талаа, мен карап эне келе бер дечи деп жалооруй карап турду.

Мен башымды чайкап, кой балам сен жаштык кылып жатасың, жеңиш баарыбыз кчүн керек деп турдум.

Бир күнү түшкү тамакты ичип отурсак эле эки чоң машина келип артелдин жанына токтоду.

Тамагыбызды таштап эле чыга калсак, астыңкы машинадан балдакчан бирөө түшүп келе жатты.

Арткы машинадан аскер формасын кийген жаш жигит түшүп Селсоветти чакырып койгулачы дегенде Уулкан мен деп астыга чыга калды.

Ушу сенби деп таңыркап карап турганда, жолдош лейтенант сүйлөңүз деди Уулкан. Аа мен сизге өзгөчө тапшырма менен келдим, бул сиздердин шаарчадан кеткен солдат дегенде, четте турган Сырга тааный калып, Жолдош абам деп чуркап барып кучактады.

Бул биздин шаарчага эң биринчи согуштан кайра келген солдат эле.

Баарыбыз чуркадык Жолдошту көздөй, учурашып менин уулумду көрдүңбү, деп сурадым. Ооба Алма Атада чогу окудук, андан кийин билбейм, ал келет деди.

Сурагандын баарына эле келет, согуш бүтүп келет, деп жооп берип жатты…

Тоту Арзыкулова
www.kafiye.net