Ак жоолук салынган эне 7


Балдар иштеп жаткан колхоздун раиси, колхозго механизатор керек деген ойдо Раманкулга кайрылып, ээ балам сен бой жеттиң, биздин колхоздун кыздарына үйлөнүп калып калбайсыңбы, деп сунуш киргизди.

Анда Раманкул сөздөн кармап жер бериңиз, биринчи үй салайын анан үйлөнөм деди.

Раис убадасына туруп жер чектеп берди, жыгач – таштан жардам берди.

Бекен атам экөөбүз да балдарга жардам берели деп колхозго келдик.

Эки балам үйдүн ордун казып баштады, аны көргөн ушул айылдын жашоочулары улуу – кичүү жардамга келди.

Жаш балдар суу ташып берсе, орто курактагылар таш терип, бат эле дубалын тургузуп койдук. Үстүн шак, тол менен жаап, дубалдарын тегиз шыбап бүтүштү.

Үй бүтөөрдө өйдөңкү айылдан жыгач уста келип эшик – терезе коюп берди.

Ошентип үйдү бүтүрүп, эми үйлөн десек, мейли деп жүрө берди.

Биздин эс алуубуз бүтүп, шаарчага кайра кеттик.

Бир күнү Раманкул келип, Бекен ата мага аки таш таап бериңиз деп, аки таш, дагы бир топ тактайларды алып кетти. Анан эле үйлөнөм деп калды.

Кубанычым койнума батпай келин алам деп даярдап койгон мата – кече, көйнөк – жоолуктарды баштыкка салып Бекен ата экөөбүз жөнөп калдык.

Колхозго жете бергенде алыстан эле акталган, ошол кезге зыңгыраган үйдү көрдүк.

Ичине алып келген тактайларды полдой кылып кынап жерге төшөптүр.

Аны көрүп алып өтө кубандым.

Балдарым бой жетип колунан иш келип калганына кубанып турдум.

Бекен ата: – оо кагылайын ушул Раманкул балам колунан баары келет деп ойлогом деп кубанат.

Ошондо Раманкул; – ата мунун баарын сиз үйрөткөнсүз, сизге ыракмат деди.

Ала келген таар, жер төшөктү салып койсом үй көркүнө чыга түштү.

Ал кезде Наркул кенде бортовой машина айдап калган.

Бир айлыгына чегерип, бир кой алып келди. Бекен ата чоң атасы, мен апасы, раис өкүл атасы болуп кудалыкка жөнөп калдык.

Кудалар бизди күтүп жатышкан экен, коноктоп тез эле жөнөттү.

Келинимди көшөгөгө киргизип, атап койгон көйнөк – көнчөгүмдү кийгизип, башына ак башшайы жоолук салдым.

Аты Бурмаш эле, чырайлуу, чачы узун, айылдын сулуу кызы экен.

Мен да өз кызымдай жакшы көрүп, аябай мээр коюп кабыл алдым.

Бирин – экин айылдын байбичелери, келин – кыздар, келин көргөнү келип жатты.

Эң башкысы уулум бактылуу эле…

Эки – үч күн тургандан кийин кенчилердин шаарчасына кеттик.

Ал кезде той деле аз болоор эле, элди чакырып бата алып, балдарыма үйлөнүү той өткөрүп бердим.

Балдарыма суктанбаган киши жок, экөө бири – бирине жарашып эле калды.

Бурмаш да өтө үй оокатка тың экен, эне – бала болуп ымалалашып калдык.

Балдар да ынтымакта жашап жатты.

Ар жумада Бурмаш келип кир жууп, нан жаап берип жатты.

Өздөрү уй, кой кылып үй – оокат алып иштеп жатышты.

Биз Бекен ата, Наркул, кошуналар менен бир үй – бүлөдөй болуп жашап жаттык.

Ошол жылы жай айында согуш башталды деген суук кабар уктук.

Кырчылдаган жигиттерди согушка алып кетип жатты.

Күзгү орум кезинде комбайн чаап жаткан жеринен, Раманкулга повестка келип согушка алып кетти…

Анын ордуна атаң Наркул колхозго барып эгин чаап калды. Мен да Бурмашты жалгыз калбасын деп колхозго барып жашап калдык.

Эгин жыйнап беткөндөн кийин, кенчилерге кайра кеттик, артелди кайрадан жандантып күнү- түнү, шинел, гимнастёрка тигип иштеп жаттык.

Элдин балдарынан кат келип жатты, биз да почта келгенде чуркап барабыз Раманкулдан кат – кабары жок болду.

Ошол жылы кыш өтө катуу кар көп жаады.

Мен дем алыш алып үйдө элем, эшик такылдап почточу Галина, силерге кат ,сүйүнчү уулуңдан кат деп кыйкырып жатты.

Оо Кудай сүйүнчү сенден айлансын, кир чай ич, деп үйгө киргизип, Галяны отургузуп катты ачып окуп жаттым.

Саламатсыңарбы апа, Наркул, Бурмаш, бизди поезд менен Алма – Атага алып келип, аскердик даярдыктан өткөрүп жатат.

Эки – үч күндөн поездге салып Москвага алып жөнөйт. Бошогондо кат жазып турам. Эмики кат жазганга чейин аман тургула.

Силерди сагынып Раманкул деп жазыптыр.

Кубанганым менен көзүмдөн жаш чууруп жатты. Галя кел чайга кара, уулум аман эсен экен ушунусуна шүгүр дедим.

Анан артелди көздөй чуркадым Бурмаш кат келди, Раманкулдан кат келди деп кыйкырып кирип бардым.

Шакылдаган машинанын үнү токтоп баары катты карап, эмне деп жазыптыр, согушуп жатыптырбы, деп сурап жатышты. Үнүмдү катуу чыгарып окуп бердим. Ал кезде эч ким согуштун катаал экенин, беш жылга созулуп кетеерин, канча бала атасыз калаарын билбейт эле…

Гитлер, немец деген сөздөрдү гезиттен окуп эле шыпшынып, үйүң күйгөн акмак деп каргап калат элек аялдар.

Жазга жуук биринчи жолу шаарчага кара кагаз келди..

Ал өйдө жактагы беш баланын атасы Оңолбай эле. Аялы Каныш кара кагаз алып, беш чиедей баласы менен кара жамынып, отуруп калды.

Анан биринин артынан бири кара кагаз алып, шаарча ыйга толуп кетти…

Уландысы бар.


Тоту Арзыкулова
www.kafiye.net