Мекен үчүн…..


Касиеттүү айкөл элим Кыргызым,

Өчпөйт сенин эч качан жылдызың.

Канкор душман кол салса да ар жактан,

,,Кыйын калк”- деп айткан экен Темучин…



Манас деген атабыз бар Кыргызым,

Сынган эмес кыйын күндө кылычың.

Сабыр менен жеңип алдык согушту,

Жар салбастан иш алпарып тымызын.



Бакай ата берген улуу батасын,

Кантип анан Кыргыз элди чачасың?

Келгилечи ынтымакта бололу,

Ачса дагы эскилердин жарасын.



Өрүк гүлдөп турган жерим Баткеним,

Какшап турат канын жутуп эл жериң.

Башым ийип таазим кылам баатырга,

Шейит кеткен коргоп ыйык Мекенин.



Орозонун отуз күндүк айында……

Тилегибиз кабыл болсун баарына.

Кыргыз деген атыбызды улуулап,

Сабыр менен таанылдык бүт ааламга.



Алыс болуп турсам дагы өзүңдөн,

Көздөрүмдөн ыйлап жаштар төгүлөт.

Дилим, жаным, жүрөгүм да каным да,

Мекен үчүн, мекен үчүн сөгүлөт.



Кайыр Жазы. Москва.
www.kafiye.net