Ак жоолук салынган эне 4

Ошол жылдагы жай эсимден түбөлүк кетпейт деп үнү каргылданып жашый түштү энем.

Күз жакындап келген кезде Бекен ата кызым жумушчулар кар жаап, суук болгон кезде иштебейт, жазга чейин жумушу жабылат. Мен селсоветке барып үй туралуу билип келейин деп, жөнөп кетти.

Мен адаттагыдай эле нан жаап, кир жууп өз ишим менен алек болуп жаттым.

Кечке жуук ата Бекен ата келип,

– сүйүнчү балдарым бизге Совет Өкмөтү үй берди, мага жагыз калган кары деп, балдар силерге атасы жок деп, эртеңден баштап көчөбүз деди.

Балдар оо чын элеби Бекен ата, бизге үй бердиби, кандайча деп чурулдашып жатты.

– Ооба балдарым үйлүү болдук, апаң экөөбүз кампада жумушка орношобуз деди.

– ооба, ооба кампаны кайтарабыз ал жерде, кенчилердин тоону жаруучу каражаты сакталат.

Жооптуу иш бирок, жакшы айлык төлөйт, деп Бекен ата терисине батпай кубанып.

Аны уккан балдар урааа, биз жардам беребиз деп чуркап жүрүштү. Биз Улукбүбү экөөбүз эле бизге тиешеси жоктой тура бердик.

Бол балам жыйыналы эртең көчүп кетели, кечинде төкөр келсе эмгек акыбызды сүйлөшөйүн, деди Бекен ата.

Биз малчыларга барып келели анда, алардан аласабыз бар эле, деп Улукбүбүнү ээрчитип жөнөдүм.

Биз малчыларга барып эле эртең көчүп кетеерибизди айттык.

Ии кагылайын десе, мейли эмгек акыңды ашыгы менен берейин, тегиз ийрийт экесиң, кышы менен пахта ийрип бер,

деп өтүндү.

Маакул деп акыбызга берген бир карын майды алып кубанып келе бердик.

Кечинде кенчилер иштен кайтканда тамагын берип, идиш- аякты жууп, үйгө кирип жатууга камынып жатканда, кобураган үндү угуп калдык.

Бекен ата кетебиз, эмгек акыбызды бер десе,

бербейм эч нерсе, беш жан, жаныңарды бактыңар, биз эмнени жесек ошону жедиңер деп кыйкырып жатыптыр аксак.

Бербесе жок эле, эмне эле урушат деп Бекен атаны аяп турдук. Акыры кыйкырык басылып, кой эми уктайлы деп жатып калдык.

Эрте менен туруп кадимкидей жумушчуларга нан жаап, чайын берип, анан көчкөнгө камынып калдык. Бекен ата малчылардан араба сурап келип анча – мынча үй – оокатыбызды салып кете бердик.

Көнө түшкөн экенбиз кырды ашып кеткенче кайра – кайра артыбызды карап, темир үй менен коштошуп жаттык.

Кечилердин шаарчасына жакындаган сайын ак үйлөр көрүнүп, өзгөчө шаң тартуулап турду.

Мына биздин үй деди Бекен ата, четтеги үйдү көрсөтүп, бул жак силердин эшигиңер, бул жактан мен кирем деди.

Арабаны токтотуп жүктү көтөрүп үйгө кирип, оозубуз ачылып калды.

Ичи акиленген аппак, айнектери чоң, астына тол төшөлгөн, биз ушул жерде жашайбызбы деп өзгөчө Улукбүбү сүйүндү.

Кеч кирип калгандыктан чай ичип эле төшөктөрдү жая салып жатып калдык.

Эртеси күнү туруп эле, сууга жөнөдүм, идиш – аяк жокко эсе бир кара чөгүн менен кара казан.

Эптеп чай кайнатып балдарды тургуздум.

Чарчап калганбы араң ойгонушту. Бар Бекен атады чакыр чай ичсин десем, атам үйдө жок экен дешти балдар.

Түш оой чарчаган Бекен ата келди, ме балам деп түйүнчөк карматты, ачып карасам туз, чай, азыраак күрүч экен. Муну кайдан алдыңыз тиякка барып келдиңизби деп сурадым. Ооба атаңды урайын десе анын тамагын жеп аткансып, мунун баарын Өкүмөт берет да бизге, аны менчиктеп алат деп кобурады. Чай ичиңиз десем жок балам, жолдон чай ичип келдим, сага артелге жумуш сүйлөшүп келдим, деди сүйүнүп.

Жүрү тааныштырып келейин, деп ээрчитип жөнөдү.

Барып эле, таанышып алгыла менин кызым Бүбүайша деди, Бекен ата.

Көпчүлүгү жаш кыз- келиндер.

Колго бычып кийим тигишет экен. Өзгөчө болотной калың матадан кенчилердин сырткы кийими болсо керек деп кармалдым.

Бурчта эки машинада гана эки эркек отурат экен.

Эртең жумушка келет деп коштошуп кете бердик.

Жолдо келе жатып ата сиз булардын баарын кайдан тааныйсыз деп сурадым. Ээ балам куу турмуш тааныштырды да, байбичем, уул- кызым тирүү болгондо, төрдө чалкалап жатпайт белем деп кейиди.

Кийин Бекен атанын ошол сөзүн далай жолу эстедим.

Бекен ата өзү болсо кампаны кайтарат, арык кичине киши бою менен тең мынтыкты асынып алып түнү- күнү кампанын астында жүргөнү- жүргөн.

Балдар кезектешип түндө Бекен ата менен кампа кайтарышып жүрдү.

Турмуш бир топ оңолуп, тамак- аштуу, кийим- кечелүү болуп калдык, кыштын узун түнүндө, баягы малчынын аялы берген пахтаны чигитинен ажыратып, ийрип жүрдүм.



Уландысы бар.



Тоту Арзыкулова
www.kafiye.net