şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Эмне таптым?
Бул жашоого жаралып эмне таптым?
Түгөнбөгөн сыры бар ырды таптым.
Тандап жүрүп маңыздуу сөз берметин,
Аздыр көптүр эл ичинен сыйды таптым.
Бул жашоого жаралып эмне таптым?
Сыйга кошуп бир канча сыйлык таптым.
Сыйлыктарым түндөсү шерик болбой,
Жалгызданып жашыруун ыйды таптым.
Бул жашоого жаралып эмне таптым?
Ыйлап жүрүп сооротор медер таптым.
Ал медерим махабат сүйүү болуп,
Өмүрүмдүн кызыктуу күнүн таптым.
Райбекова А
www.kafiye.net
Yorum Yapın