САГА АРНАЛАТ


Кара көзүм, каректерим чагылып,

Келген күндү, күткөн элем сагынып.

Кубат алып , күндө жазган ырымдан,

Кубулжутуп, обон салдык жаңыртып.


Келди сезим, кусалыкка багынтып,

Көөдөнүмдөн, жамалыңа жалынтып.

Көңүл сүйүп, жүрөгүмдүн ачкычын,

Сага бердим, сүйүү мончок тагынтып.


Кечиккен жаз, эки жүрөк сүйүшкөн,

Күндөр айга, айлар жылды сүрүшкөн.

Жалын чачып элжиреген сезимдер,

Жан дүйнөгө жарык нурун киргизген.


Кылым ашаар, ак сүйүүнүн урпагы,

Күлүк экен, аз өмүрдүн тулпары.

Күмүш кечте күткөн бул күнүмдүн,

Бариктери эркелешти жайдары.



Акак болуп, карасаң ээ талдырган,

Ак маржандан, таза сезим тагынган.

Алдыдагы, кайра кайткыс жолубуз ,

Булак суудай, таза болсун агылган.


Шаар ичинде сейилдедик бир басып,

Үн катпастан жүрөгүбүз сырдашып.

Тээ алыска ээрчип жаштык кыялы,

Табышкандай эки сезим ырдашып.


Күн күркүрөп ,жаркылдаса чагылган,

Кол чатырды, бирге ачтык жабылган.

Куя берсин, жамгырымдын нөшөрү,

Тамчылары , сезимимдин сагынган. .

Сага арналат ушул сүйүүм жазылган.



23.04.2021ж.Москва

Кайыр Жазы.

www.kafiye.net