МЕНИ СҮЙҮП ЖҮРГӨНДӨРДҮН БИРИСИҢ.


Көп адамдын арасынан суурулуп,

Сезим менен айкалыша жуурулуп.

Өлбөй, чөкпөй жашап келе жатасың,

Толкунуна ак сүйүүнүн урунуп.


Мезгил өтүп улам жылга алмашып,

Жаштык кезди уурдап келет талашып.

Кумарланып эңсеп жашоо бакытын ,

Сүйүүң менен, ырда жазып тамшантып.


Айдан күндөн издеп менин жамалым,

Аралайсың махабаттын аралын.

Сүрөт тартып тамга менен түшүрүп,

Картын ачып бүткөн эчак жарамдын .


Сагынасың сүрөтүмө сүйлөшүп,

Булбул үнүн сайрап күндө түрдөнтүп.

Тоо улары болгуң келип кээ күнү,

Тургуң келет мени менен үндөшүп.


Аппак таңда, көрбөй калсаң сагынып,

Кыйналасың, ак сүйүүңө таарынып.

Кош айталбай же чыга албай алдыма,

Жашай берчи карааныма жалынып.


Өмүр өтүп, өчөт бир күн билигим,

Өзөгүңдө калбаса дейм күйүтүң.

Билем билем көп ичинен көз салып,

Мени сүйүп жүргөндөрдүн бирисиң.



Кайыр Жазы. Москва.
wwwkafiye.net