Ак жоолук салынган эне.1.


Чоң энем мээримдүү, эч кимге катуу сүйлөбөгөн, салтты катуу кармаган, айылда улуу – кичүү сыйлаган кемпир эле.

Өзүнүн бала чагын мындайча эскерчүү эле, атам Чаткал өрөөнүн бийлеп турган бий эле,

биз эки кыз элек.

Мен жана сиңдим Гүлайша.

Атамдын эркек баласы жок болгондуктан, биз бой тарта баштаганда эле, бизге ылайыктуу күйөө издеп баштады.

Мен силерди ата – энеси жок, жетим балага күйөөгө берем да, бала кылып алам, мал мүлкүм, бүт тапканымды экиге бөлүп берем, эч нерседен кем болбой жашайсыңар деп айтчу. Анжиянга мал айдап бара жатып, Аксыга жеткенде, Абил бийдин үйүнө эс алалы деп кайрылып калышат.

Үйүнүн жанына үй улап жаткан, жаш уста балдар бар экен.

Ылай салып, тамдын үстүн жаап жаткан усталарды ичинде, олбурлуу, кең далылуу жигитти көрүп калып, ушул мандикерди мага сатпайсыңбы деп, төрт дилдеге сатып алат.

Өздөрү түнөп эс алып, айдап бара жаткан малына чөп салып, тойгузуп алып кайра жол тартышат. Ылай жумуштан кутулуп, курсагы кенен тойгон чоң атаң, атамдын айтканын эки кылбай малды айдап Анжиянга жетиптир.

Атам малын сатып, ордуна ун, туз жана бир жылга жете турган азык – түлүк артынып алып кайра жол тартат. Жолду карай чоң атаңдан баскан – турганын тамак жегенин байкап, дурус бала экен деп сөзгө тартат.

Балам атың ким? – дейт.

Атым Арзыкул, -деп жооп берет.

Кайсы жердин кулуну болосуң, ата – энең барбы, урууң ким, деп сурайт.

Мен көл өөрөнүнөн болом, уруум сарбагыш, ата – энем үркүндө Турпанга качып каза болгон.

Бир тууган иним Ибраимкул Жибек Жолунда кербенчилер менен Кербен, Анжиян тарапка жол алган деп угуп издеп келип, таппай калдым, деп айтып берет.

Балам мен сени бала кылып алайын, маакулсуңбу, эч нерседен кем кылбаймын, сен ата – энеңден айрылсаң, менин уулум жок, деп сурайт атам.

Мейли бирок бир тууганымды тапсам жакшы болот эле, деп жооп берет.

Бир тууганыды издеп табабыз балам, мен издеп табышып берем, дептир атам.

Арадан эки – үч жыл өтүп Совет өкмөтү орноп калган кез, түндө басмачылар басып келип кой сойдуруп жеп – ичип күндүз тоо таянып кетип калашат.

Күндүз шинель – беш жылдыздуу кепка кийген кызылдар келип бийлик өтөйт.

Ошентип баш – аламан жашоо башталганда атам мени Арзыкулга күйөөгө берем деп тойго даярданып калды.

Анткени бай – бий, малдуу, ортодон өйдө жашагандарды, кулакка тартып Сибирге, Украинага айдап башатаган кез болчу.

Апам колунан көрүү төгүлгөн чебер эле, эки кызыма деп, колунда баарын даярдап сиңдим экөөбүзгө, кийиз жасап, ийик ийритип таар согуп, жаз – жай айлары боз үйдүн ички кийизин, сырткы кийизин жасачуубуз.

Күздө болсо союулган малдын терисин аштап, ийлеп, кышы менен тон тикчүүбүз. Ошентип биз жайлап жүргөн жайлоонун төрүнө өзүнчө, боз үй тигип мени күйөөгө узатты.

Мал – мүлкүн бөлүп берип, биз өзүбүзчө жашап калдык.

Менден кийин эле сиңдим Гүлайшаны күйөөгө узаттык.

Кийинки жылы жазга жуук Чаткалдын ашуусу ачылганда бай – бийлерди сүргүнгө айдап, алардын ичинде менин ата – энем да бар эле. Апам боздоп ыйлап мал – мүлкүбүздү бердик, эми биз кайдагы кулакбыз, томяктан эмне айрымабыз бар деп ыйлаганына карабай жөө жалаңдап айдап жөнөдү.

Биз сиңдим экөөбүз бир топ жерге чейин ээрчип бардык, апам бизди боздоп, кучактап коё бербейт…. Акыры солдаттар кеткиле деп кубалаганда колубуздагы түйүнчөктү бергенге араң үлгүрдүк.

Колдо барын, талкан, куурулган буудай, курут түйүп алган элек.

Атам өтө кайраттуу киши эле, былк этпей арабада отурган боюнча, кыздарым ыйлабагыла, биз апаң экөөбүздү тез эле коё берет, биздин байлыгыбыз жок, күнөөбүз жок, ошондуктан коё берет, деп бизди сооротуп жатты.

Сиңдим экөөбүз ыйлап басылып кайра артка кайттык.

Экөөбүз көпкө чейин ата – энебизден айрылып, өзүбүзгө келе албай ыйлап жүрдүк.

Бирок бири – бирибизди караан тутуп, катышып турдук.

Мен биринчи кыз төрөдүм араң жан, кейип жүрүп ай – күнүмө жетпей төрөп койдум окшойт, үч күндөн кийин чарчап калды. Ага деле кейиген жокмун. Бирин – экин кирип чыккан кемпирлер ай байкуш десе азыр билбей жатат кийин өкүнөт, деп күбүр – шыбыр болуп жатты. Менден кийин эле Гүлайша төрөдү, уул төрөп атын Акжол койду. Ал үйгө келип калганда, баласын эмизип жатканда гана, эмчегим сайгылашып, чарчап калган кызымды эстеп, жүрөгүм сайгылашып кетип жүрдү.

Көп өтпөй эле дагы боюма бүттү, оокатыбыз болсо араң өп – чап жетип жатты, колхоздошуу болуп анча – мынча малыбызды да өткөзүп бердик.

Чоң атаң болсо колхоздун майда – барат ишине барып арпа – буудай алып келип жүрдү.

Ал бир эле жумалык азык болуп берет.

Жазга жуук бир эчки жетелеп келди, эмгек акыма берди бооз экен, тууп берсе сүт ичип калабыз деп сүйүндү.

Бир жолку алып келген буудайы өтө кир, кара экен, актап көжө кайнатайын деп, сокуга салып, жанчып жатып, белим ооруп боюмдан түшүп калды.

Коңшулар келип уул бала экен деп, жууп тарап, көмүп келишти.

Кыйналып калган экем көпкө чейин жакшы боло албай жүрдүм.

Аңгыча жангыз эчкибиз тууп берип, айран -сүт ичип тыңып кеттим.

Аз – аздан жашоо оңолуп, чоң атаң тынбай иштеп, чоң сууга көпүрө салып жакшы эле эмгек акы алып калды.

Кичинекей ылайдан үй салдык, ошол үйдө кыз төрөдүм, атын Улукбүбү койдук. Эки жыл өтпөй уул төрөп, атын Раманкул деп чоң атаң өзү койду. Анан эле сенин атаң Наркул төрөлдү жай айы эле, ошонтип үч балалуу болуп калдык. Биздин үйдө кой, эчки болуп орто жашап калдык, жок дегенде нанга курсагыбыз тоюп калды. Кичинекейинде Раманкул өтө зээндүү, иштерман болду. Отун алып, мал кайтарып атасына жардам берип калды. Улук болсо балдарды карап мага жардам берип, кол арага жарап калган кезде, чоң атаңды карагай басып калды.

Белинен кыймылдай албай жатып акыры каза болду.

Каралашаар киши жок аябай кыйналдык, алгынын түйүн кесип сууга жууп ун сыяктуу талкалап, ачуусун чыгарып атала жасап ичип калдык. Кышта суук катуу болгондуктан араң кыштан чыктык.

Жакага түшүп жашасак жеңил болобу деп ойлоп, үч баламды жетелеп, ашуудагы бир таман жол менен келе жаттык.

Таштын далдоосуна түнөп, араң кыбыраган эшекке арткан жүк менен келе жаттык. Үчүнчү күн дегенде бирин – серин үйлөр көрүнүп, жакын барганда ак чатыр менен жабылган үйлөр экен.

Ал үйлөрдө кенди изилдеп жүргөн геологдор жашайт экен.

Аксакал кишиге барып, арыбаңыз аба,

– бүгүн түнөп кетсек болобу деп сурайт чоң энем.

Ооба болот, үч бала менен каяктан, – деп сурайт.

Чаткалдан кыйналып кетип жакага түшүп келе жатабыз дейт.

Чарчаган окшойсуңар кел отургула деп жыгач отургучка отургузуп, кара чөөгүндө кайнап жаткан чайдан куюп, кара нан берет.

Чарчап ачка болгон балдар курсагын тойгузуп, уктап калышты.

Аксакал келип, балам жакага барганда деле кыйналасың, мен чоңдор менен сүйлөшөйүн, ушул жерде кала бер.

Балдарың ток, жашаган жер берет деп айтты.

Бул темирден жасалган үй бош балдарыңды алып кирип жаткызып кой деди.

Жакада деле күткөн киши, жакын эч ким болбогондон кийин азырынча кала берсемби деп ойлоп калат.

Темир үйгө кирсе сырттагыдай жыгач тапчандар бар экен.

Жууркан төшөктөрдү тактайдын үстүнө жая салып балдарды жаткызып койдум.

Эшектин үстүндөгү жүктү, куржунду түшүрүп коюп, эми эмне кылсам деп отурсам, отун терип келген аксакал кел балам экөөбүз кечкинин камын көрөлү деди.

Койдун майына унду кууруп коюу атала жасадык.

Кара чөөгүндү отко коюп чай кайнатып бердим.

Улук ойгонуп суу алып келди. Каш карайганда тоонун боорунан жети киши түшүп келди, аксакал бизге ашоозчу келди эртеңден баштап нан жаап жейбиз деп айтты.

Ии жакшы болгон экен, бирок балдар менен кыйналбайт бекен деди аксап баскан арык киши.

Барарга жери жок экен, тамак аш жасап балдары менен тура берсин, деди аксакал. Жатар алдында аксакал жарым баштык ун көтөрүп келип, кызым эрте туруп камыр жууруп, казанга нан жап.

Балдар ишке кетер алдында жаңы бышкан нанды жеп кетсин.

Өзуңдүн балдарыңдын да курсагы тоёт, деди аксакал.

Эрте туруп камыр жууруп, казанга нан жаптым.

Ысык нанды бурдап жеп, жумушчулар тоону көздөй кетишти.

Үч – төрт күндө балдар да көнө түштү, кала берсемби деп ойлонуп эки анжы болуп турдум.

Аны байкап калган аксакал, балдарыңды окууга бер, бул төштүн ар жагындагы айылда мектеп ачылган, эки балаң эшек менен барып келе берет деди.

Раманкул мен окууга барам, окугум келет деп, сүйүнүп жатты.

Эртеси эрте турган аксакал балдар тургула мектепке барбыз деди.

Экөө ойгонуп шам- шум этип алып, эшекти токуп минип алып жөнөп кетишти.


Уландысы бар.



Bişkek. Totu Arzikulova
www.kafiye.net